Мен Казакбай уулу Замирбек 1977-жылы 26-октябрда Ысык Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара Шаар айылында туулгам. 1994-жылы Бөкөнбаев орто мектебин бүтүргөм.
Атам: Ыйманов Казакбай
Апам: Абдыкасымова Рая
Жети бир туугандын улуусумун.
Билимим жогорку Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда “Актер” чеберчилиги боюнча билим алгам.
1995-жылдан 2000-жылга чейин Балыкчы шаарындагы Офицерлер үйүндө музыкант болуп эмгектендим.
2003-2004-жылдары телевидениедеги “Топ Таш”ток шоусунун алып баруучусу жана редактору, 2005-2014 Коомдук биринчи каналдын анонс бөлумүнүн редактору жана телеканалдын үнү, 2004-жылдан 2007-жылга чейин КТРКнын радиосунда редактор, 2005-2006 жылдары “Учур” жаштар телетеатрында актер, 2007-жылы 21- кылым радиосунда өз кабарчы, 2008-2009 ушул эле радиодо башкы редактор, 2015-2016 жылдары “Кыргыз радиосунда” музыкалык редактор кызматын аркаладым.
2014-жылдан 2016-жылга чейин ЭЛТР коомдук телеканалында башкы редактор, 2018- жылдан ушул күнгө чейин «ARTWAY медиа» компаниясында директордун орун басары болуп иштейм.
2018-жылдан баштап “ЛИДЕР” Футбол реалити долбоорунун негиздөөчүсү жана башкы режиссерлук кызматын аткарам.
Алган сыйлыктарым 2009-ж КТРК. «Голос телевидении».
2011- ж КТРК. «Отличник КТРК.»
Коомдогу болуп жаткан көрүнуштөргө кайдыгер карабай учурда соц тармактардын активдуу блоггеримин.
Үй бүлөөлүүмүн, жубайым Кундуз Кадыркулова менен бир кыз, бир уулду тарбиялап жатабыз.