1. Үй-бүлө куруу жана сактап калуу маселесин мамлекеттин идеологиясы катары кароого жетишүү;
  2. Эне-бала, жетим-жесир маселесин жогорку децгээлде коюу;
  3. Манас - жогорку акыл эс. Ар бир кыргызстандыктын манасын ойготуунун улуттук программасын ишке ашыруу;
  4. Жогорку кецешти жаратмандык менен иштөөгө багыттоо;
  5. Депутат - эл өкүлү. Бул түшүнүктү кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө аныктоо;
  6. Кыргыз наркын калыбына келтирүү;
  7. Элдин башын айландырган мыйзамдарды жокко чыгарып, элге кызмат кыла турган мыйзамдардын жазылуусун жана ишке ашышын көзөмөлдөө;
  8. Жеке адамдардын эмес, жамааттардын жаратмандык менен иш алып буруусуна жетишyy жана менчиктешкен жерлердин, ишканалардын баарынын   эсеп-чотун чыгаруу;
  9. Кыргыз экономикасын, деги эле баардык тармактарды жаратмандык жолго салуу;
  10. Элдин акысын жегендердин бетин ачуунун, алардын канчалык деңгээлде мамлекетке зыян келтиргенин аныктоонун жолдорун таап, ошого жараша жаза тарттыруу ыкмасын киргизүү;
  11. Чек аранын дипломатиялык тyрдө чечилишине жетишүү;

12.мигранттарды   кайтаруу,   аларга   өз   жеринде   кыйналбай иштеп, жашоосуна шарт түзүү.