- Үй-булөө институтун сактап калуу.
- Ажырашуу мөөнөтүн 3 жылдан 5 жылга чейин узартуу жана реабилитациялоо институтун ачуу;
- Ажырашкандан кийин ата-эненин жоопкерчилигин тең укукта көбөйтүү (18 жашка чейин);
- Ажырашкандан кийин баланын тарбиясында ата-энени бирдей милдеттендирүү (баланы тарбиялоодо убакыт саатты мыйзам чегинде бирдей бөлүштүрүү) жана материалдык камсыздоого ата-эне бирдей милдеттүү (18 жашка чейин);
- Люстрация, жаңылануунун эң негизги критерии үй-булөгө, балага болгон жоопкерчилик. Жетектөөчү кызматкерлерди тандоодо эң негизги талаптардын бири болуп үй-бүлөнүн туруктуулугу каралсын. Үй-бүлөсүн ойлогон жетекчи калың элдин көйгөйүн жана жоопкерчилигин тарта алат.
- Балага билим берүү кадамдарын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берүү.
- Мектепке чейинки билим алууга баардык жарандарга тең укуктуулукту түзүү, үй бүлөлүк шартка карабастан;
- Ыйман сабагын 5-класстан баштап милдеттүү түрдө кайрадан мектеп программасына киргизүү;
- Күнүмдүк алган предметтик сабактарды жашоо практикасы менен айкалыштыруу;
- Балага өзү каалаган окуу предметин тандоо укугун 9-класстан баштап берүү;
- Окуу процессинде активдүү жарандардын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө үндөө;
- Мектептин билим берүү программасында балага баштапкы кесип берүү (9-11 класстардын базасында);
- Жаш өспүрүмдөрдүн укугун коргоодо биринчи ирээт пробация (реабилитациялоо) системасын милдеттүү түрдө колдонуу, үй-бүлөлүк шартына карабастан.
- Райондордун, айыл өкмөтүнүн финансылык акыбалын жакшыртуу.
- Айыл өкмөттөрүнун базасында муниципалдык чарбаларды түзүү, мал чарбачылыгын, багбанчылыкты жана тегирмендерди жаңы заманбап техникаларын колдонуу менен ишке киргизүү;
- Дотациядан чыгуу, өзүн-өзү камсыз кылуу.
- Транспортту өнүктүрүү.
- Жол коопсуздугун өнүктүрүү;
- Мамлекеттик стационардык ремонттоо пунктарын бардык шарттары менен ачуу;
- Электротранспортко тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү.
- Газдаштыруу.
- Газдаштыруу долбоорун эртелетүү, тоскоолдуктарды чечүү жана ошондой эле тиешелүү мыйзамдарды, толуктоолорду иштеп чыгуу.