Ишке орноштуруу жана жумуштуулук

 

Максат: жарандарыбыз өз дараметин Мекенинде толук ченемде жүзөгө ашыруусу үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү.

Милдеттер: чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, мыйзам чыгаруу деңгээлинде жож бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштурууда иш берүүчүлөргө колдоо көрсөтүү механизмдерин киргизүү.

Чечүү жолдору: эмгек рыногун маалыматтык камсыздоону жакшыртуу, билим берүү мекемелерин аяктагандан кийин квоталанган жумуш орундарын берүү, өз алдынча жумуштуулуктун өсүшү үчүн шарттарды түзүү, аялдар ишкердигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ири ишканаларда насаатчылык практикасын калыбына келтирүү, ишке орноштурууга мүмкүн болгон жерлерде экскурсия өткөрүү, жеке өндүрүштүк аянтчалардын ишин жандандыруу.

Бүгүнкү күндөгү жагдай жумуштуулукту уюштурууга жана калктын өз алдынча жумуштуулугуна карата жаңы мамилелерди өнүктүрүү зарылчылыгын жаратты. Мен аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн долбоордук ишмердүүлүктү илгерилетүүнү колдоого алам. Райондордо чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү демилгелерди жүзөгө ашырууга чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду тартуу зарыл.

 

Сапаттуу билим берүү - өнүгүүнүн башкы ресурсу.

Билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу.

 

Максат: бардык этаптарда сапаттуу окутуу, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу.

Милдет: жож бүтүрүүчүсү эмгек рыногунда атаандашууга жөндөмдүү болгондой шарттарды түзүү, бүтүрүүчүлөрдүн санынын жана эмгек рыногундагы бош орундардын ортосундагы айырманы кыскартуу.

Чечүү жолдору: мектепке чейинки, мектепте жана жогорку билим берүүдөн тартып, билим берүү процессинде улантуучулукту түзүү. Кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү. Билим берүү мекемелеринин чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыгын өнүктүрүү, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.

Жалпы билим берүү мектептери жана жождор үчүн заманбап окуу китептеринин жаңы муунун түзүү үчүн окуу китептери боюнча илимий-изилдөө институтун түзүү.

 

Бекем жана бактылуу үй-бүлө – биздин коомдун башкы күчү жана тиреги.

Үй-бүлөнү колдоо

 

Максат: үй-бүлөлөрдү колдоо, ар бир үй-бүлөдө жыргалчылык үчүн шарттарды түзүү, жакырчылыктын деңгээлин жана зомбулукту кыскартуу.

Милдет: үй-бүлөнүн жыргалчылыгын колдоо боюнча программаларга колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү.

Чечүү жолдору: жеткиликтүү кредиттерди берүү аркылуу турак жай саясатынын маселелерин өркүндөтүү, ипотеканы жана жеке үй курууну өнүктүрүү. Ошол эле убакта үй-бүлөнүн экономикалык негизинин маанилүү экенине карабастан, психологиялык чыдамдуулукка жана үй-бүлөлүк жыргалчылыктын туруктуулугуна көңүл буруу, маалыматтык иштерди жүргүзүүнү активдештирүү зарыл.