Кыргыз Республикасы социалдык адилеттүүлүкө негизделген укуктук мамлекет болууга тийиш. Мамлекет ар бир жарандын өзүн өзү ишке ашыруусуна, укуктарынын корголушуна, социалдык жактан корголушуна кепил болот. Ошондой эле мамлекет өзүнүн негизги милдеттери болгон коопсуздук менен сот адилеттүүлүгүн камсыздоосу зарыл.

            Саясий коопсуздук. Өсүп келе жаткан өлкөнүн, элдин, коомдун, жарандардын саясий кызыкчылыктарын коргоого багытталган мамлекет жана коомдун иш-чараларынын системасы. Саясий коосуздукка тышкы жана ички коркунучтар бар. Биздин саясий системаны ичинен талкалоо жана конституциялык түзүлүштү бузуу аракеттери болушу мүмкүн.

            Саясий коопсуздукту камсыздоо үчүн заманбап билимдүү, мамлекетчил кадрларды мамлекет башкарууга тартуу эң негизги маселе болуп саналат.

            Экономикалык коопсуздук. Жогорку жана туруктуу экономикалык көрсөткүчтөрдү камсыздоо максатында экономиканын абалын иликтөөнү ишке ашыруу. Экономикалык муктаждыктарды натыйжалуу канаатандыруу, мамлекет тарабынан улуттук ресурстардын кыймылын жана колдонуусун көзөмөлдөө. Өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын улуттук жана эл аралык деңгээлде коргоону камсыздоо. Бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү. Өзүбүздүн өндүрүштү колдоо.

            Социалдык коппсуздук. Социалдык чөйрөдөгү өлкөбүздүн кызыкчылыктарын коргоого багытталган иш-чаралар. Социалдык структураны жана коомдогу мамилени, адамдардын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууну жана инсандын коомдошуу процессин өнүктүрүү жана натыйжалуу жолго коюу. Турак-жай маселесин шаар куруу программасынын алкагында ишке ашыруу.

            Экологиялык коопсуздук. Курчап турган айлана чөйрөгө адамдын ишмердүүлүгүнүн терс таасиринен коргоо. Экологиянын абалына баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана башкаруу. Азыркы шарттарда экологиялык маселелерди чечүү жана алдын алуу дүйнөдө эң маанилүү иш-аракеттерден болуп саналат.

            Кыргызстанда тоо-кен иштетүү тармагын заманбап технологиялар менен камсыздоо учурдун талабы. Эгер бул талап ишке ашпаса тоо-кенди иштетүүнү токтотуу зарыл. Антпесе келечек муундарга чоң кедеригисин тийгизет. Коомубузда экологиялык аң-сезимди өнүктүрүүнү жана тарбиялоо камсыз кылуу зарыл.

            Транспорттук коопсуздук. Транспорт экономикада, социалдык инфраструктурада негизги орунда турат. Транспорттук коллапс экономикага, социалдык чөйрөгө түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыргызстан Евразия континентинин борборунда жайгашканына карабастан транспорттук тупикке кабылганы мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү стратегиялык ой-жүгүртүүнүн төмөндүгүнөн кабар берет. Кыргызстан географиялык жайгашкан жерине ылайык тогуз жолдун тому болууга тийиш. Транзиттин негизинде эле өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугун алда канча жогорулатса болот.

Энергетикалык коопсуздук. Энергетика - экономиканын, турмуш-тиричиликтин, жашоонун өзөгү. Кыргызстан гидро энергетика боюнча дүйнөдө эң алдыңкы мамлекеттердин тизмесине кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары альтернативдүү энергия булактарын колдонууну колго алуу керек. Жылуулук энергиясын үнөмдөө, заманбап энергияны үнөмдөөчү турак-жайларды курууну уюштуруу мезгилдин талабы.

Сот адилетүүлүгү орнобосо мамлекетибиз адилеттүү мамлекет боло албайт, инвестициялык климат оңолбойт, эл аралык кадыр-баркыбыз өспөйт. Соттордун ишмердүүлүгүнө жарандык көзөмөлдү күчөтүү керек. Сот бийлиги эркин болууга тийиш. Жарандык активдүү позиция гана бизди максаттарга жеткирет. Коомубузда эң коркунучтуу оору бул – коррупция. Коррупция мамлекетибизди ичинен талкалайт. Коррупциянын болушуна биринчи кезекте коррупцияланган аң-сезим, адам факторун кеңейткен мыйзамдар жана уюшулган коррупциялык схемалар шарт түзөт.

            Жылдан-жылга начарлап бара жаткан билим берүү системасына, саламаттыкты сактоонун абалына, маданияттын кризисине, армия, илимдин талкаланып бара жатканына кайдыгер болбой аны чечүүнүн жолдорун табуу зарыл.. Коомубуздагы рухий баалуулуктардын ишенимден чыга башташы, каада-салттарыбыздын жоголуп бара жатканыдыгына жан күйгүзүп иш алып баруу керек.

 

 

 

 

Менин алдыма койгон негизги милдеттерим:

 

  1. Коопсуздуктун бардык түрлөрүн камсыздоонун укуктук негиздерин иштеп чыгуу;
  2. Коопсуздукту камсыздоонун укуктук негиздерин иштеп чыгам;
  3. Салттуу үй-бүлө институтун бекемдөө. Дин менен мамлекеттин кызматташуусун камсыздоо боюнча Мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
  4. Салттуу дин менен мамлекеттин кызматашуусун камсыздоо боюнча мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгам;
  5. Жеке менчикти коргоо жана бизнестин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган Мыйзамдарды иштеп чыгуу; Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытында инвесторлорду тартууну колго алам;
  6. Социалдык адилеттүүлүктү негизги баалуулукка айландыруу, калкты социалдык жактан коргоонун заманбап жолдорун орнотуу;

Социалдык адилетүүлүктү негизги баалуулука айландырам жана калкты социалдык жактан коргоонун заманбап жолдорун сунуштайм;

  1. Коррупцияга каршы күрөш. Адам факторун азайтуу максатында санариптештирүү элибиздин кызыкчылыктарына негиздеп ашыруу;
  2. Коррупцияга каршы күрөш жүргүзөм. Санариптештирүүнү элибиздин кызыкчылыктарына негиздейм;
  3. Салык саясатын ыңгайлуу жана адилеттүү ишке ашыруу. Бирдиктүү салык системасын киргизүү;
  4. Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин статусун жогорулатуу (мугалим, врач ж.б.); Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин статусун жогорулатуу боюнча иш алып барам;
  5. Күч органдарынын, армиянын кадыр-баркын көтөрүү. Армияда кызмат кылуу ыйык парз жана ардактуу милдет болуусу абзел;

Кыргыз армиясынын кадыр-баркын көтөрүүгө жана маселелерин чечүүгө милдетенем

  1. Соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо; Соттордун адилет чечим чыгаруусу үчүн күрөшөм;
  2. Пенсиялык реформа. Ачыктык, айкындык жана көзү өткөн жарандардын пенсиялык топтомун туугандарына өткөрүп берүү;
  3. Экологияны коргоону илимий, заманбап деңгээлде уюштуруу;

Экологияны коргоону илимий, заманбап денгээлде үюштурам, туризмди өнүктүүрү багытында мыйзам долбоорлорун жазам;

  1. Жумушсуздукту жоюу. Иш орундарын түзүү;
  2. Массалык спорт, дене тарбиянын өнүгүшүнө шарттарды түзүү.

Массалык спорт жана дене тарбиянын өнүгүшүнө байланыштуу мыйзам долбоорлорун жазып, ишке ашырам;

  1. Миграция саясатына байланышкан мыйзам долбоорлорун сунуштайм

Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорлорун киргизүү