Нишанбаев Тургунбай

1958-жылы Ош областынын Баткен районунун Зардалы айылында туулганмын.

1964-жылы  Баткен  районунун  Кара-Бак  айылындагы  Орджоникидзе атындагы орто мектебине кирип, 1974-жылы бутурдум.

1974-76-жылдары Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Фрунзе атындагы Совхоздо жумушчу болуп иштедим.

1976-81-жылы жылдары "СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетин эконмика факультетинин "Эмгекти үнөмдөө" бөлүмүнүн күндүзгү бөлүмүн бүтүрүп "экономист" адистигин алганмын.

1981-87-жылдары   Баткен   райондук   "сельхозэнерго"   мекемесинде улук экономист,

1987-89-жылдары Баткендеги техникаларды ремонттоо ишканасында башкаруучунун орун басары,

1989-94-жылдары     Баткен     райондук     профсоюз     комитетинин төрагасынын орун басары,

1994-2000-жылдары   Баткен   райондук   "айылэнерго"   мекемесинде башкы эсепчи,

2000-жылы  Баткен  райондук салык инспекциясында  башкы салык инспектору,

2001-2015-жылдары     Баткен     областтык     Сот     департаментинин башкармалыгында башкы эсечи,

2017-2019-жылдары Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы,

2020-2021-жылдары Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө башкы салык инспектору, башкы жер адиси болуп иштедим. 2021-жылдан бери ардактуу эс алуудамын.

Үй бүлөөлүмүн, эки уул, бир кыз, тогуз неберем бар.