1. Коопсуздук жана туруктуулук:

       Чек ара аймактарындагы инфраструктураны чыңдоо жана заманбап санариптик техника менен жабдуу  иш-чараларга көмөк көрсөтүү;

        Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүн жана күч түзүмдөрүн колдоого багытталган мамлекеттик иш-чараларды  онуктуруу;

      Чек ара райондорундагы мүмкүн болгон келишпестиктердин алдын алуу, профилактикалоо жана жоюу боюнча программаларды иштеп чыгуу;.

  1. Социалдык тармак

       Чек ара аймактарындагы тургундардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу (жеңилдиктер, субсидиялар, социалдык кепилдиктер ж.б.);

      Жакыр үй-бүлөлөрдү, майыптарды, ардагерлерди жана кары-картаңдарды колдоо боюнча мыйзамдарга демилге көтөрүү;

      IT-технологиялардын негизинде жеткиликтүү медицина жана сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.

  1. Экономикалык өнүгүү жана жумуш орундарын түзүү

      Чек ара аймактарына  инвестиция тартуу жана чакан өндүрүштөрдү (айыл чарба, кол өнөрчүлүк, соода) өнүктүрүү;

       Коңшу мамлекеттер менен сооданы өркүндөтүү үчүн атайын экономикалык зоналарды жана логистикалык борборлорду түзүүгө көмөк көрсөтүү;

      Айыл чарба тармагына заманбап IT-технологияларды киргизүү (жерлердин санариптик карталары, агродрондор, онлайн-соода борболору).

  1. Жаштар жана региондун келечеги

      Жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин бүтүргөн жаштарды жумушка орноштуруу жана алардын потенциалын ишке ашырууга багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу;

     Чек ара аймактарында билим алып жаткан жаштар үчүн гранттар, стипендиялар жана стажировкалар системасын киргизүү аркылуу колдоо көрсөтүү;

      Аймактагы жаштардын демилгесин колдогон инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу.

  1. Ачыктык жана адилеттүүлүк

      Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы активдүү күрөшүүгө көмөктөшүү;

     Чек ара райондорунун жашоочулары менен түз диалог жүргүзүү, көйгөйлөрдү жеринде угуу жана ыкчам чечүү үчүн туруктуу жолугушууларды уюштуруу;

     Элдин үнүн бийликке жеткирүүнү негизги милдет катары кароо.

 

 

Дарек жана байланыш маалыматтар:  zaripbek90@gmail.com

Телефон: +996 559 030954, WhatsApp: +996 772 299054