1968-жылдын 11-июнунда Ош облусундагы Ноокат районунун Кок-Жар айылында төрөлгөн.
1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. 1993-жылы Г.В. Плеханов атындагы Москва эл чарба институтунун экономикалык жана социалдык пландаштыруу факультетин бүтүргөн. Адистиги – экономист.
Өзүнүн эмгек жолун 1985-жылы Ош шаарынын Папан суу системасы жана канал топтору башкармалыгында курулуш-техниги болуп баштаган.
1993-1995-жылдары “Кыргызгипроводхоз” долборлоо институтунда экономист, жетекчи-экономист, экономика бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
1995-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин агро-өнөр жай комплексинин финансы бөлүмүнүн башкы адиси;
1997-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык финансы башкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн жетекчиси;
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй облустук финансы башкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн жетекчиси;
2000-2001 –жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй облустук казыналыгында директор;
2001-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыкта директордун орун басары;
2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыктын директору;
2008-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары-Борбордук казыналыктын директору.
2012-2021-жылдары Дебра агенттигинин директору, кийин Банктарды жоюу агенттиги деп аталган.
2022-2024-жылдары Кыргыз – Өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыктын мүчөсү.
2024-жылдын 15-февралынан баштап азыркы күнгө чейин “Ата-журт Кыргызстан” партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII-чакырылышынын депутаты.
Үй-бүлөөлү, алты баланын атасы.