АЛТЫБАЕВА АЙНУРУ ТОЙЧИЕВНА

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна 1958-жылы 28-февралда Ош шаарында туулган.

1965-жылы Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектептин 1-классына кирип, 1975-жылы жогоруда аталган мектепти аяктаган.

1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган.

1979-жылы окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин Ош областтык аткаруу комитетинде улук экономист болуп иштей баштаган, 1997-жылга чейин ошол жерде эмгектенген.

1997-2006-жылдары Мамлекеттик салык кызматында ар кандай кызматтарды ээлеген.

2007-жылдын ноябрь айынан 2008-жылдын июнь айына чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда төрагасынын кеңешчиси, Бишкек шаарынын Свердлов райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

2008-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты болуп ишке алынган, бул кызматта 2010-жылдын февраль айына чейин иштеген.

2010-жылы парламенттик шайлоого катышып, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган.

2015-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышына депутат болуп шайланган.

2022-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунда эмгектенет.

Үй-бүлөлүү, эки баласы жана беш небереси бар.