ЭЛ! АДИЛДИК! ТАРТЫП!

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

Биздин бардыгыбызды бириктирген максат — татыктуу, ишенимдүү жана бакубат жашоо.

Мамлекеттик бийликтин негизги милдети — элге кызмат кылуу, ар бир жарандын максатына жетишине көмөк көрсөтүү жана мамлекеттин колдоосун ар бир адам сезиши.

Бүгүнкү күндө бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги жетишсиз. Жергиликтүү деңгээлде элдин муктаждыктарына көңүл бурулбай, адилеттик үчүн күрөшүүгө жана элге чыныгы жардам көрсөтүүгө ар дайым даяр эмес жетекчилер көп.

Менин максатым — эл менен бийликтин ортосундагы дубалды бузуу!

Кыргызстанга жаңы мамлекеттик саясат керек — адилеттүү, социалдык багыттагы, улуттук баалуулуктарга жана ар бир адамга урмат менен мамиле кылган саясат.

 

ЭЛ ЖАНА СОЦИАЛДЫК АДИЛДИК — БАШКЫ МАКСАТ

Ар бир кыргызстандык эртеңки күнгө ишеним менен карап, эмгеги, үй-бүлөсү жана адамдык кадыр-баркы корголгон коомдо жашашы керек.

 

Мен парламентке кресло үчүн эмес, эл үчүн — элдин үнү, элдин жактоочусу, элдин тиреги болуу үчүн бара жатам!

 

1️. БАШКЫ ПРИОРИТЕТ — АДАМ

Мамлекеттин негизги милдети — адамга кам көрүү: анын коопсуздугуна, саламаттыгына, билими менен эмгегине.

Ар бир жаран төмөнкүлөргө укуктуу:

Тегин жана сапаттуу билим алууга

Жеткиликтүү медициналык жардамга

Жакшы акы төлөнгөн жумушка

Социалдык коргоого жана келечекке ишенимге

Мен сунуштайм:

Мамлекет тарабынан билим берүү жана саламаттык сактоо чыгымдарын субсидиялоо

 

Дарылануу жана окууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн киреше салыгынан кайтарып берүү

Пенсияларды жыл сайын инфляция жана жашоо деңгээлине жараша индексациялоо

 

2️.ТАТЫКТУУ ЭМГЕК ЖАНА АДИЛ ТӨЛӨМ

 

Ар бир эмгек — татыктуу акыга татыктуу.

Эмгек акынын базасы жашоо наркына жараша эсептелиши керек (азыктөөнү, турак жайды, транспортту, саламаттыкты жана билимди камтып)

ЖОЖдо окуган жылдарды эмгек стажына киргизүү

Пенсияларды автоматтык индексациялоо жана бюджеттик кызматкерлердин айлыгын баалардын өсүшүнө жараша жогорулатуу

3️.САЛАМАТТЫК САКТОО — ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЖАНА САПАТТУУ

Элдин ден соолугу — улуттун байлыгы.

Эгер жарандардын дары-дармек чыгымы кирешесинин 15% ашса, мамлекет кошо каржылоого милдеттүү

Аймактык оорукана жана поликлиникалардын каржылоосун көбөйтүү

Бардык меджайларда электрондук кезек жана медициналык картотека системасын киргизүү

Жаш адистерди аймактарга тартуу үчүн мамлекеттик программа түзүү

Медкызматкерлердин айлыгын «жумуштун сапатына жараша» төлөө системасын киргизүү

4️.БИЛИМ — КЕЛЕЧЕККЕ ИНВЕСТИЦИЯ

Билимдүү жаштарсыз өлкөнүн келечеги жок.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өнүгүүгө стимул берүү

Ар бир мектепке «бир окуучуга эсептелген каржылоо» системасын киргизүү, айыл мектептерине минималдуу кепилденген бюджет камсыз кылуу

Алыскы аймактардагы окуучулар үчүн “үй-мектеп-үй” ташуу системасын киргизүү

Мугалимдерди жана мектептерди жергиликтүү бюджеттен кошумча колдоо мүмкүнчүлүгүн берүү

Мугалимдерге жана дарыгерлерге кезексиз жеңилдетилген ипотека берүү

5️.МАДАНИЯТ ЖАНА УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР

Маданият деңгээли — улуттун жетилгендигинин көрсөткүчү.

Аймактардагы театрларды, маданият үйлөрүн, китепканаларды жана музейлерди өнүктүрүү

Элдик салттарды, фольклорду жана өнөрдү колдоо

Жаштар үчүн электрондук ресурстар жана чыгармачылык студиялары бар «модельдик китепканаларды» түзүү

Жаштардын чыгармачылык долбоорлорун жана маданий демилгелерин колдоо

6️.ЖАШТАР — ЭРТЕҢКИ КҮНҮБҮЗ

Жаштар — өлкөнүн кыймылдаткыч күчү.

Мамлекеттик билим берүү контракттарын кеңейтүү жана ишке орношууда ачык шарттарды камсыз кылуу

Эки же андан көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн пайызсыз ипотека берүү

Жаштардын ишкердик демилгелерин жана өзүн-өзү өнүктүрүү долбоорлорун колдоо

Инновациялык, ыктыярчылык жана эс алуу борборлорун түзүү

 

7️.ИШКЕРДИКТИ КОЛДОО

Күчтүү экономика — чакан жана орто бизнеске таянган экономика.

Административдик басым жана коррупцияны азайтуу

Жаңы өндүрүштөр жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн салык жеңилдиктерин берүү

Жаңы ишкерлерди колдогон мамлекеттик бизнес-акселератор түзүү

Чакан бизнес үчүн жабдуу, чийки зат жана инвестицияларды субсидиялоо программасын иштеп чыгуу

 

8️.ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК ЖАЙ — ТУРУКТУУЛУКТУН НЕГИЗИ

Ар бир үй-бүлө өз үйүнө ээ болууга мүмкүнчүлүк алышы керек.

Жеткиликтүү турак жай куруу боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу

Жаш үй-бүлөлөр жана мигранттар үчүн жер тилкелерин бөлүү

Социалдык ипотека системасын киргизүү: 30% жаран төлөйт, 70% — 10–15 жылдык мөөнөт менен төлөнөт

Мигранттардын мекенде турак жай алуусуна жардам берүүчү фонд түзүү

 

9️.ТАЗА СУУ — ЭЛДИН СООЛУГУ

XXI кылымда ар бир кыргызстандык таза сууга жеткиликтүү болушу зарыл.

«Суу ресурстарын пайдалануу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү

Бюджетти аймактар ортосунда адилет бөлүштүрүү

Суу түтүктөрүн курууга жеке компанияларды тартуу

Жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин жогорулатуу

Максатым — 2030-жылга чейин ар бир айылда, ар бир үйдө таза суу болушу!

 

  1. АЯЛДАР ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨНҮ КОЛДОО

Аял — үй-бүлөнүн тиреги, элдин рухунун сактоочусу.

Айылдык аялдарды колдоо борборлорун түзүү (окутуу, укуктук жардам, микрокредиттер)

Аялдардын ишке орношуусуна шарт түзүү — үйдөн иштөө, ийкемдүү график

Аял ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыя берүү

Энеликти жана балалыктын социалдык коргоо программаларын өнүктүрүү

 

11.МИГРАНТТАР ЖАНА ТЫШКЫ САЯСАТ

Биздин мигранттар — Кыргызстанга болгон сыймыгыбыз.

Мамлекет алардын укуктарын коргоого милдеттүү.

Консулдуктардын ишин күчөтүү жана жардам көрсөткөн «ысык линияларды» түзүү

Эмгек укуктарын коргоо боюнча эки тараптуу келишимдерди түзүү

Мигранттардын үй-бүлөлөрүнө психологиялык жана укуктук колдоо борборлорун ачуу

Мен ишенем: чынчылдык, адилеттик жана эмгек — күчтүү мамлекеттин үч тиреги.

Кыргызстан — аялдын үнү угулган, жаштардын келечеги бар, элдин кадыр-баркы сакталган өлкө болушу керек.

 

Мен парламентке эл үчүн, балдарыбыздын келечеги үчүн иштөөгө бара жатам.

Ар бир кыргызстандык билиши керек:

анын үнү угулат, өмүрү маанилүү, өлкөсү күчтүү!