Өмүр баян
Акаев Жанарбек Кубанычович 1986-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында төрөлгөн.
Билими – жогорку. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинде “журналистика адистигине ээ болгон.
2018-жылы кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында “юриспруденция” адистигин аяктаган.
2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп эмгектенген.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2015-2017-жж. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билимберүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
2021-жылы “Альянс” саясий партиясынан VII чакырылыштын депутаты болуп шайланган.
2022-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланган.
2022-жылдын март айынан тартып “Альянс парламенттик фракциясынын лидери болуп эмгектенди.
Үй-бүлөлүү. Эки уул, бир кызды тарбиялоодо.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү.
Алган сыйлыктары:
2011-ж. “Евразиянын алтын калеми” сыйлыгы;
2014-ж. Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун “Курч калем” сыйлыгы;
2018-ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын “Шериктештик үчүн” төш белгиси;
2019-ж. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 80 жыл” юбилейлик медалы;
2021-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;
2022-жыл. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын “Кыргыз Республикасынын Бажы кызматына 30 жыл” юбилейлик медалы;
2022-жыл. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 95 жыл” медалы;
2023-ж. КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган медалы;
2023-жылы “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы;
2023-жыл. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан “Кызматташтыкты бекемдегени үчүн” медалы;
2023-жыл. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамотасы;
2023-жыл. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” медалы;
2023-жыл. “ИИМдин Кыргыз милициясына 100 жыл” юбилейлик медалы
Кыргыз Республикасынын Президентинн Иш башкармасынын 30 жылдык юбилейлик медалы;
2023-жыл. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси;
2023-жыл.“Алай районунун ардактуу атуулу” төш белгиси.
2023-жыл. Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын “Кызматташтык үчүн” медалы;
2024-жыл. КМШ Парламенттер аралалык ассамблеясынын “За укрепление парламентского сотрудничества” медалы;
2024-жыл. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин “Энергетика министрлигинин “Энергетика боюнча кызматташтыкка кошкон салымы үчүн” төш белгиси;
2025-жыл. “Ош облусунун ардактуу атуулу” төш белгиси.