НУРУНБЕТОВ СЫЙМЫКБЕК БАЛТАХУНОВИЧ
1979-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Билими: финансы-экономика. Экономика илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолу: АӨБанктын консультанты (1998-1999), Ош шаардык каржы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, (2000-2002), 2002-жылдан КР Финансы министрлигинде кенже адистен баштап, бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келген.
Жетишкендиктери: фискалдык децентрализация реформасын, 50дөн ашык ченемдик укуктук актыларды, нускама-усулдарды, концепцияларды иштеп чыккан, административдик аймактык реформасын ишке ашырган.
Сыйлыктары: Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, Финансы жана Экономиканын отличниги, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, облустардын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Эл аралык тажрыйбасы: Жапония, Нидерланды, АКШ, Корея,
Германия, Турция, Кытай, Россия, Латвия, Молдова ж.б. өлкөлөрүндө окууларга катышкан. 4 тилде сүйлөйт.