Мен Жогорку Кеңешке эл менен бийликтин ортосунда байланышты күчөткөн көпүрө болуп берем деп баратам!
Максат: Өзгөн жана Кара-Кулжа тургундарынын билимдүү, биримдиктүү жана өнүккөн коомдо жашашын камсыздоо.
- Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү: Өзгөн жана Кара-Кулжаны Жогорку Кеңеште активдүү өкүлдөп, маселелерди ыкчам чечүү.
- Депутаттык кабылдама: райондо туруктуу коомдук кабылдама ачуу, арыздарды жана сунуштарды кабыл алуу.
- Парламенттик угуу: 6 айда бир жергиликтүү кенештер, министрликтер жана активисттер катышкан угуу өткөрүү, маселелерди жеринен чечүү.
- Ачык отчеттуулук: жыл сайын жана үч айда бир жолу жарандарга иштер боюнча отчет берүү.