ЭСЕНБАЙ УУЛУ ТАЛАНТБЕК
Өмүр баян
Мен Эсенбай уулу Талантбек, 1997-жылы 1-апрелде Ош облусунун, Өзгөн районуна караштуу Красный-Маяк айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Биз 6 бир тууганбыз. Апам 36 жыл мугалим болуп иштеген, Атам архитектор, куруучу жана дыйкан болуп иштеген. 2003-жылы мектеп босогосун аттап, №42 Атыр Төрөгелдиев орто мектебинде 11 жыл окуп, 2014-жылы окууну аяктагам. Мектепте активдүү окуучулардан болгом.
2014-жылдын сентябрь айында Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана Ишкердик университетинин, Гуманитардык Экономикалык Колледжине тапшырып, 2 жылдык окуумду окуп, 2016-жылы аяктагам. Андан кийин 2 жыл Орусияда мигрант болуп иштегем. 2018-жылы Бишкек шаарына келип, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин Журналистика факультетине коллдеждин дипломунун негизинде 2-курстан кирип, 2021-жылы Жогорку окуу жайды аяктадым.
2020-жылы пандемия убагында миңдеген адамдарга жардам колубузду сунуп, элге, медиктерге азык-түлүк жеткирип иштедик. Көптөгөн оорулуу адамдарга жардам берип, үй алып бергенге дагы жетиштик.
Шоу чөйрөсүндө дагы 3 ырчыга продюсерлик кылып, эл алдына алып чыкканга жетиштим.
2021-жылдын, апрель айындагы Баткен окуяларында жөн карап турбастан, өзүмдүн жанымдан акча чыгарып, Баткен элине жардам колумду сунуп, эл менен бирге жүрдүм.
2022-жылдын, сентябрь айындагы Баткен окуяларында дагы элге, согушка катышкан аскерлерге жардамымды бердим. Жалпы 10 фура жардам алып бардык. Менин себебимден 2 аскер заставасынын ремонту башталып, толук бүткөрүлдү.
2023-жылы өзүмдүн айылыма 1200 метр жерге көчөт тигип бердим. Андан сырткары менин демилгемдин себебинен, президентибиздин тапшырмасы менен айылыбызга 120 орундуу бала-бакчанын курулушу башталды. Айылыбызга кылган кызматыбыздын негизинде, Айыл Өкмөттүн чечими менен мага “Ардактуу Атуул” наамын ыйгарышты. Кино тарткан режиссерлорду Баткен облусуна алып барып, согушка катышкан баатырлардан окуя тууралуу сурап, окуя тууралуу “Баткен” киносун тарттык.
2024-жылы Маданият, Маалымат, Спорт жана Жаштар Саясаты министрлигинин чечими менен “Жаштар Саясатынын Отличниги” наамын алдым.
2025-жылы Өзгөн шаарындагы жолдорду, базарларды текшерип, шаар башчысына бир канча талаптарды коюп, шаарыбыздын оңолушуна чоң салымымды коштум. Андан сырткары Өзгөн шаарына өзүмдүн жанымдан, 3 миллион сомго жаңы аллея куруп бердим.