САЛЯМОВА ВЕНЕРА ХАМЗАЕВНА

АВТОБИОГРАФИЯ

 

Мен, Салямова Венера Хамзаевна, 1986-жылдын 17-ноябрында Ош областынын Лейлек районунун Исфана айылында төрөлгөнмүн.

1992-жылы ошол эле айылдагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеп босогосун аттап, 9-класска чейин билим алдым. Андан соң Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, ийгиликтүү аяктадым.

2005-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырып, ал жерде 2 жыл окугандан соң, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетине которулуп, 2011-жылы жогорку юридикалык билимге ээ болдум.

Эмгек жолумду Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында 2013-жылдын 10-октябрында баштап, алгач Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун стажёр-жардамчысы, Жалал-Абад шаарынын прокурорунун жардамчысы, андан кийин Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору кызматтарында эмгектендим.

2023-жылдын 7-мартынан тартып Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келем.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйругу менен юстициянын майору класстык чени ыйгарылган.

Аталган кызмат ордуна дайындалгандан бери уюштуруучулук жөндөмүм жана практикалык тажрыйбамдын негизинде, облус аймагында коррупцияга каршы аракеттенүү жана тиешелүү мыйзамдардын аткарылышына натыйжалуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келем.

Үй-бүлөлүүмүн, эки баланын энесимин.