КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:
Жарандарынын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, алардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын чагылдырган мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө.
Округдун шайлоочулары менен системалуу түрдө жолугушууларды уюштуруу, жарандардын кайрылууларын округдун аймагында жана жумуш ордумда жеке кабыл алуу.
Шаардын, калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга, көп балалуу энелерге жана калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү үчүн инвестицияларды, финансылык ресурстарды тартуу. Мугалимдердин кадыр баркын көтөрүү, аларга социалдык жана экономикалык жактан артыкчылыктарды берүү, жаштардын сапаттуу билим жана тарбия алуусун камсыздоо.
Аялдарды жана балдарды коргоону жакшыртуу.