КАРАБЕКОВА АЙГҮЛ АСАНОВНА

Карабекова Айгүл Асановна 1978-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылында төрөлгөн.1999-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча аяктап, жогорку экономикалык билимге ээ болгон. Эмгек жолун пахта заводунда кабыл алуучу-заготовитель болуп иштөөдөн баштаган. Тажрыйба топтогондон кийин жеке сектордо ишин улантып, ишкерлик менен алектене баштаган. Айгүл Асановна айыл чарба жана дүң соода багытында өзүнүн жеке бизнесин түзгөн.