МАМАТАЛИЕВА МУНАРА ДАНИЯРБЕКОВНА

Мен, Маматалиева Мунара Даниярбековна, 17-июнь 1993-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Арал айылында жарык дүйнөгө келгем.

Эки агам, бир иним жана мен – төрт бир туугандын ортончусумун.

2010-жылы Арал айылындагы №6 “Арал” орто мектебин жалаң беш деген баа менен аяктап ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетине тапшырып, 2015-жылы “Аймак таануу” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен жогорку билимди аяктагам.

 

Ошол эле жылы Кытай мамлекетинен грант утуп, магистратурада окуумду уланткам. 2019-жылы магистр даражасын ийгиликтүү аяктап, Малайзия мамлекетине билимимди өркүндөтүү жана социалдык өнүгүү тармагында изилдөөлөрдү жүргүздүм.

 

2020-жылдан тартып бизнес жана социалдык долбоорлор менен алектенип келем. 2024-жылдын май айында Кыргыз Мамлекеттик “Кыргыз темир жолу” ишканасына ишке орношуп, бир канча алгылыктуу реформаларды аткарылышына жардамчы болгом. Айыл өкмөттүн чакыруусу менен 2025-жылдын июль айынан баштап районубуздун Д. Садырбаев айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу бөлүмүнө ишке орношуп, инвестиция багытында бир канча алгылыктуу иштерди жасадык. Шайлоого байланыштуу ушул жылдын 29-сентябрында ишимди токтотууга туура келди.