НУРБАЕВА ГҮЛНАЗ АБДУЛАТИПОВНА

Мен, Нурбаева Гулназ Абдулатиповна 14-июнь, 1981-жылы Базар-Коргон районунда төрөлгөмүн. 1989-жылы Ф. Энгельс атындагы №11-орто мектебине окууга тапшырып, 1997-жылы Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылындагы Тагай уулу Камал атындагы орто №22- мектебине которулуп , 1999-жылы Тагай уулу Камал атындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы ЭАУ юридикалык факультетинин "Юриспруденция" багыты боюнча күндүзгү бөлүмүнө тапшырып, 2004-жылы жогорку окуу жайын аяктагамын. 15-май 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун нотариалдык округунун жеке нотариусу болуп бүгүнкү күнгө чейин кызмат көрсөтүп келемин.