ДЖУРАЕВА ЧИНАРА МУРАТОВНА
Джураева Чинара Муратовна, 1983-жылдын 24-апрелинде Ош облусунун Сүлүктү шаарында төрөлгөн.1989-1999 ж.ж. Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп гимназиясында окуган. 2001-2005 ж.ж. Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алган.2005-2007 ж.ж КММАнын Оштогу дипломдон кийинки билим берүү борборун аяктаган..
Саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы,тырышчаак эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ыраазычылык каты менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси. Ноокен районунун Рахманжан айылынын тургуну.