ДУЙШЕНБИЕВ РАЙИМБЕРДИ СЕЙДАКМАТОВИЧ
Туулган жылы - 11.12.1974. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтɵрүнүн Генерал-майору. 1992-жылы Генерал-майор Д.Асанов атындагы аскердик лицейди бүтүргөн. 1992-жылдан 1995-жылга чеин Казахстан Респуликасынын Алма-Ата шаарындагы Улуттук коопсуздук комитетинин Аскер институтун бүтүргөн. 1995-жылдан баштап офицердик кызматты баштаган. 2013-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы болгон. 2016-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болгон. 2015-жылы 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жогорку “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Президенти атынан Ардак грамотасы. Кɵз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мүчɵлɵрүнүн – Чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңешинин Ардактуу мүчɵсү.