ТОЛУБАЕВА НУРАИДА НУРЖАКЫПОВНА

Мен, Толубаева Нураида Нуржакыповна 1987-жылы 18-июнда Жалал-Абад областына караштуу Токтогул районунун Өзгөрүш (азыркы Э.Иманалиев) айыл аймагында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. 1994-жылы туулуп өскөн айылымдагы Жумабек Чаргынов атындагы мектеп-гимназиясынын босогосун аттап, аталган гимназияны 2005-жылы жогорку жетишкендиктер менен аяктагам.                                                                                            2005-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун Жаӊы маалыматтык технологиялар институтуна “Физика” адистигине гранттык негизде окууга тапшыргам. Алгачкы эмгек тажрыйбамды ушул эле окуу жайда окуп жүргөн мезгилде баштагам. Аталган окуу жайды 2010-жылы “Физика” адистиги боюнча артыкчылык диплом менен аяктагам. Үй-бүлөлүүмүн, 1 кызды тарбиялап келем.