КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:
1.Талас дүйнөлүк эпостордун ордосу. Тарыхый-маданий мурастарды сактоого, изилдөөгө, өнүктүрүүгө арналган дүйнөлүк эпостордун конференция, симпозиумдарын жыл сайын өткөрүп, Талас шаарын маданий борборго айландыруу.
- Ар бир жаранга жеткиликтүү турак жай. Элет жеринде жеке турак-жай курулушун колдоо программасын иштеп чыгып, аны ишке ашыруу.
- Жакырчылык менен күрөшүү жана социалдык теңсиздикти кыскартуу үчүн мыйзам деңгээлинде шарттарды түзүү.
- Иштеген калктын, бюджеттик чөйрөдө иштеген кызматкерлердин укуктарын коргоону камсыз кылуу,
- Бардык чөйрөдөгү мыйзамсыздык, коррупция жана социалдык адилеттүүлүктүн душмандары менен чындап күрөшүүгө жардам берүүчү нормативдик актыларды жана мыйзам демилгелерин киргизүү.
- Айыл-чарба жарлеринин (айдоо жерлер, жайыттар, айдалбаган жерлер ж.б.) натыйжалуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылуу. Жаратылыш кендерин эл кызыкчылыгы үчүн пайдалануу.
Дареги жана байланыш маалыматтары: Бишкек ш., Тыныстанов көч., 94
Тел.: 0999 199999