САДЫРБАЕВА ЖЫЛДЫЗ ЭСЕНБЕКОВНА
№ 21-көп мандаттуу шайлоо округунан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Ж.Э. Садырбаеванын өмүр баяны
Мен, 1970-жылдын 29-марты күнү Нарын областынын Нарын шаарында туулгамын.
1993 – жылы И.П. Павлов атындагы Санкт-Петербург медициналык институтунун жалпы медицина факультетин «Дарылоо иши» адистиги боюнча аяктаган.
1993 – 1995-жылдары И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын клиникалык ординатурасын өткөн.
1995 – 1996 – жылдары «Тери оорулары» кафедрасынын ассистенти.
1997 - жылы «Жылдыз - Фарм» компаниясын негиздеген.
2009 - жылы «Жылдыз - Фарм» ЖЧКсын «Фармамир» ЖЧКсына кайра уюштурган.
2003-жылдын 2020-жылдары «Эляй» ЖЧКсынын директору кызматын ээлеген.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты.
2022-жылдан январь айынан 2025-жылдын 25-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары.
2025-жылдын 30-апрелинен ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.