АСАНБЕКОВ ЖАНЫБЕК АСАНБЕКОВИЧ

Асанбеков Жаныбек Асанбекович, 1980-жылдын 13-май күнү Нарын облусунун Кочкор айылында төрөлгөн.1997-жылы Кочкор айылындагы Кара-Коо орто мектебин бүтүргөм.

2005–2008-жж. Бишкек шаарындагы Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтун экономика багыты боюнча аяктаган.

2008–2010-жж. Улуу Британиянын Лондон шаарындагы Пимлико академиясында “бизнес жана башкаруу” курсу боюнча кошумча билим алган.

2013–2015-жж. Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин бүтүргөм.

2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын аспирантурасында окуйт. 2019-жылдан — Кыргыз шахмат федерациясынын вице-президенти. 2021-жылы — Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаты.

2022-жылдан — ISKA эл аралык уюмунун алдында иш алып барган кикбоксинг федерациясынын биринчи вице-президенти.

2024-жылдан бери — Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын депутаты, “Эмгек” фракциясынын лидери.