ЖАЙЛООБАЕВ АЙБЕК ТОКТОГОНОВИЧ

Мен, Жайлообаев Айбек Токтогонович, 1974-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында төрөлгөм. Башталгыч билимди Ат-Башы районунун Казыбек айылынын орто мектебинде алдым. 3-классты бүтүрүп, Бишкек шаарындагы 1991-жылы №69 орто мектепти аяктадым. Ошол эле жылы КР ИИМдин Бишкек Жогорку Мектебине тапшырдым, экинчи курстан Түркиянын Полиция академиясына жөнөтүлдүм, аны 1995-жылдын июль айында ийгиликтүү бүтүрдүм. 1995-жылдан 2022-жылдын август айына чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин түзүмүндө кызмат өтөдүм. 2001–2023-жылдар аралыгында Бишкек шаарындагы үч райондук милиция башкармалыгын жана ИИМдин Борбордук аппаратынын Башкы башкармалыктарын жетектеген ар кандай жетекчилик кызматтарды аркаладым.