Саясий партиянын программасы (баяндоо):   Жаңы  шаарга- ишеним  менен

Улуттук идеологиянын кайра жаралуусу, Улут, тил, маданият жана каада-салтты   сактоо жана заман талабына ылайык алып баруу;

- Базар-Коргон шаарынын   стратегиялык өнүгүү багыттарын аныктоо, туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясына негизделген Базар-Коргон шаарынын стратегиялык өнүгүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- Базар-Коргон  шаар тургундарынын арасында улуттар аралык  этностук карым-катнаштык мамилелерди   бекемдөө  жана чыңдоо;

- этностук жана экономикалык карым катнашты жакшыртуу максатында   Өзбекстан Республикасынын Пахтабад  району менен чектешкен чек ара маселесин мамлекеттик денгээлде   ишке ашыруу;

- Уй булөө институттарын түзүү менен коомдогу демографиялык абалды чындоо, жаңы тузулгөн үй- бүлөлөргө социалдык –экономикалык жактан колдоо көргөзүү , убактылуу жашап турганга турак-жай маселесин чечип берүү, ипотекалык турак-жай программасын ишке ашыруу, дыйкандарга жана жеке ишкерлерге мамлекеттик женилдетилген насыяларды алуусуна женилдетуү максатында маалымат борборлорун уюштуруу;

- мектеп жашындагы жана мектепке чейинки балдарды толук кандуу мектеп жана бала бакчалар менен камсыз кылуу( жеке секторлор менен толуктоо аркылуу);

- шаарыбыздын генералдык планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу:  ( ички жолдорго асфальт тошоо, тротуарларды куруу, светофор, жарыктандыруу);

- шаардык муниципалдык  дыйкан  базарларды ачуу жана шарт тузуп беруу менен ,  кичи бизнестерди өнүктүрүү максатында жеке ишкерлерге ар тараптан колдоо көрсөтүү,  жана шаардын бюджетин которуу;

- борбордук базардын айланасын тартиптик эрежелерге ылайыкташтыруу аркылуу бир калыпка  келтирүү;

-шаарыбыздын тургундарын таза  суу менен толук кандуу камсыздоо, жаны канализация тутукторун  куруу, шаардын тазалыгын камсыздоо үчүн тазалык ишканасын кенейтүү, таштандыларды  төгүүчү полигондорду заман  талабына ылайык    куруу;

- шаарыбыздын аймагындагы ички жолдорго каттоочу муниципалдык  маршруттук транспорттордун каттоосуна шарт тузуу  ( микро автобустарды инвесторлор аркылуу алып келуү).

-шаарыбыздагы аз камсыз болгон, мүмкүнчулүгү чектелген жана  өтө жакыр, кароосуз калган жарандардын жашоо шартына көмөктөшүү максатында  ар кандай коммуналдык төлөмдөрдөн бошотуу. Көп балалуу үй булөлөргө , мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, тоголок жетим балдарга кезексиз турак жай менен камсыз кылуу .

-калкты жумуш менен камсыз кылуу, сырткы миграцияны азайтуу максатында шаарыбызга  инвесторлорду тартуу жолу менен кичи цехтерди, кичи заводдорду, чакан фабрикаларду уюштуруу;

- аймактык ооруканасын  мезгил талабына ылайык лабороториялык  техникалык аппараттар менен камсыз кылуу.

- шаар тургундарынын  бардык катмарын өзгөчө жаштар менен балдарды ден соолугун чындоого, спорт менен машыгууга шарт тузуу  жана аларга спорт комплекстерди куруу үчүн инвесторлорду тартуу, сергек жашоо образын пропагандалоо;

- шаар тургундарын жана жаштардын  диний илим-билимин жогорулатуу максатында, мектептерге  “Ыйман”  сабактарын  киргизүү жана  Базар-Коргон шаардык имам хатибияты менен биргеликте иш алып баруу жолу аркылуу диний лекцияларды уюштуруу