"Жаңы доор" саясий партиясынын Баткен шаарын өнүктүрүү программасы

Өзгөрүүнү өзүңдөн башта!

«Жаңы Доор» партиясы бардык тармактын, улуу жана кичүү муундун өкүлдөрүнөн, демдүү жаштардан куралган жана  жаңы доорго кадам таштаган партия. Максатыбыз - адилетүү башкарууну орнотуу аркылуу эл менен тыгыз байланышта болуу.

Алдыӊыздарда “Жаны Доор” СПнын «Баткен шаарын 2021-2025-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык ɵнүктүрүү программасы. Сиздер менен бизге жаӊы доорду кабыл алуу жана анда жашоо бактысы буюрган болсун. Биздин артыбыздан келечектин жаӊы мууну ɵсүп кележатат. Биз алар менен бирге улуу кɵчтүн жолун улап, жаңы жетишкендиктерди толуктап, аларды улантуубуз зарыл.

Бул үчүн дүйнɵлүк тажрыйба далилдегендей, экономикалык ɵнүгүүнүн стратегиялык планы керек. Туруктуу ɵнүгүү-адамзат коомунун ɵз ара жана табигат менен болгон биримдиги. Глобалдык ɵнүгүүнүн шартын даалдыдагы мүмкүнчүлүктөрдү даана элестетпей жашап, иштɵɵ кооптуу. Андыктан айлана-чɵйрɵбүздɵ жана биздин аймагыбызда кандай процесстер жүрүп жатканын, алдыда эмнелер күтүптурганын, аларга кантип ыӊгайлашуу керектигин алдын ала билүү жана ага даяр болушубуз керек. Стабилдүү ɵнүгүүсү үчүн Баткен шаардын,облустун административдик, ɵндүрүштүк, илимий, маданий, спорттук, билим берүүнүн борбору катары карап, ушул кɵз карашты бекемдешибиз керек. Муну менен катар балдарыбыз жана жаштарыбыз маданияттуу чɵйрɵдɵ жана жогорку моралдык коомдо ɵнүгүүсү үчүн жылдан жылга биздин шаарда ыӊгайлуу, сергек жашоого шарт түзүлүүсү зарыл. Ошондой эле жеткиликтүү билим алууга, илимдеги, ɵндүрүштɵгү, спорттогу бийиктиктерди багындырууга, жаӊы муунду татыктуу тарбиялоого жана шаарда жакшы жашоого зарыл болгон ресурстарды алууга мүмкүнчүлүк болуусу зарыл.

Программа:

✓Ачык бюджет. Баткен шаарынын бюджетинин ар бир тыйыны кайсы жактан келип, эмнеге сарпталып жатканын онлайн портал аркылуу ар бир жарандын көзөмөлүндө болуусуна шарт түзүү. Бюджеттин кирешесин жана чыгашасын так көзөмөлгө алабыз.

✓Баткен шаарынын башкы планын чыгарыпачык-айкындуулугун камсыз кылуу. Ар бир жаран Баткендин кайсы жерине эмне салынуусунан кабардар болот. Мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюуу.

✓Жашоочулардын таза суу менен камсыздоо долбоорлорун аткарылуусун жана сапатын көзөмөлгө алып, шаардын бардык аймактарына да инвестиция  тартып, Баткен шаарын толук таза суу менен камсыздоого жана системдүү иш алып баруусун жөнгө салабыз.

✓Шаардын көчөлөрүн кеңейтип, тротуарларды көбөйтүп, бузулгандарын жаңылоо.

✓Шаарыбыздын инфраструктурасын жакшыртууга, жол, тротуар куруу боюнча жана башка өткөрүлгөн тендерлердин ачык болуусу, ошондой эле  куруулардын сапаттуулугун такай көзөмөлдөйбүз.

✓Билимберүүмекмелерининжетишсиздигинмамлекеттинжанажекеөнөктөштүкмыйзамыныннегизиндечечебиз

✓Спорттун негизги финансылык көйгөйлөрүн Баткен шаардык бюджетине бекитип, колдоого алып, талантуу жаштарды жогорку бийиктиктерге жетүүсүнө шарт түзүп беребиз. Эң приоритеттүү спорттун багыттары: футбол, бокс, волейбол, таэквондо, оор атлетика, күрөш.

✓Муниципалитеттин кайсы жерде кандай мүлктөрүнүн ачыктыгын камсыз кылабыз.Муниципалитеттин мүлктөрү арендага канчага берилип жатат, арендага алгандар бюджетке канча төлөп жатышат. Бул боюнча атайын портал түзүлүп, ага ар бирадамкирипкөрүүгөмүмкүнчүлүктүзөбүз. Ижарага берүү да алдын ала тендер жарыяланып ачык-айкын онлайн көрсөтүүсүн дөөтөт. Акчанын ачык бюджетке өтүүсүн камсыздайбыз.

✓Шаардагы автомобилдик жолтыгындарын кошумча кесип өткөн жолдорду ачуу менен негизги көчөлөрдү кеңейтебиз.

✓Шаарыбыздын тургундарынын сергек жашоосу үчүн заманбап эс алуучу жайларын курабыз. Ар бир тургунубуз жана келген конокторубуз сергек жашоого татыктуу.

✓Мэриянын кызматкерлеринин жана  квартал башчыларынын жумуштарын санариптештиребиз.

✓Шаарыбыздын тазалыгын камсыздаган «Тазалык» ишканасынын жумушун системалаштырып, эффективдүүлүгүн жогорулатабыз.