Шаардык кеңештердин тизмеси > Кызыл-Кыя шаардык кеңеши > "Бир Бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы

Кызыл-Кыя шаардык "БИРБОЛ" Саясий Партиясынын Программасы

         "Бир Бол" саясий партиясы жаны муундарды  спорт менен машыгууга  тартуу менен аларды потриоттуулука, мекенди суйууго, улууну урматтап, кичууну сыйлоо, адеп-ахлак багытында тарбиялоо, жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, шаарда кичи жана  орто бизнести онуктуруу менен кошумча жумуш орундарын тузуу, жаштарды жумуш менен камсыз кылуу  аркылуу ар бир уй булоонун кирешелерин кобойтуп, шаар калкынын турмуш денгээлин  жогорулатуу, шаардык жана  шаарга караштуу айылдардын калкын таза ичуучу суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, ички жана тышкы жолдордун абалын ондоо жана шаарды корктондуруу, тазалыгын сактоо, жаш спортчуларды облустук, республикалык жана эл- аралык мелдештерге алып чыгуу,  бул мелдештерге байгелуу орундарды камсыз кылып, Эгемендуу Кыргызстандын желегин  желбиретуу партиянын негизги  максаты  болуп саналат.

  1. Кичи жана орто бизнести онуктурууго ынгайлуу шарттарды тузуу, жаны ишканаларды ачуу жолу  менен кошумча жумуш орундарын тузуу, жашатарды  жумуш менен камсыз кылуу аркылуу ар бир уй-булоонун жеке кирешелерин кобойтуп, шаар калкынын турмуш денгээлин жогорулатуу.
  2. Жакыр уй-булоолорго колдоо корсотуу максатында, жардамга муктаж уй-булоолорду аныктоо, фонддорду тузуу, башка  фонддордон эл аралык  донорлордун каражаттарын тартуу менен элге жардамдарды  жеткируу.
  3. Жергиликтуу бюджеттин киреше болугун кобойтуу максатында, кошумча киреше булактарын табуу. Ал учун шаардын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы жерлерди,  жеке жана муниципалдык менчиктеги имараттарды инвентаризациялоо жургузуу, анын натыйжасында салык салынбаган, ижара акы толонбогон жерлерди аныктоо, кошумча каражаттарды бюджетке тушуруу жана башка булактарды издеп табуу.
  4. Шаардык жана шаарга караштуу айылдардын элинин саламаттыгын сактоо иштерин жакшыртуу учун жеке менчик медициналык мекемелердин курулушуна шарт тузуу. Шаардын борборунан алыс болгон Каримберди участкасына ФАП ачып беруу маселесин чечуу.
  5. Шаардын жана шаарга караштуу айылдардагы элдин, анын ичинде жаштардын мыйзам чегиндеги укуктарын ишке ашыруу максатында, жеке менчик турак жайга муктаж болгондорго ипотекалык жеке менчик турак жай сатып алууларына жана куруу учун жер участкалары менен камсыз кылуу багытында максаттуу  иштерди алып баруу.
  6. Шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ички жолдорунун абалын жакшыртуу максатында Ак-Булак айылынын Орук-Бак кварталына караштуу Механизаторская, Свердлова, Ирадан  кочолоруно  асфальт тошоо иштерин аткарууга жетишуу. Бейшеналиев, Фрунзе жана башка кочолоруно шагал тошоо иштерин жургузуу.
  7. Дыйкан фермерлерди сугат суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында. "Тешик-Арык" каналын реканструкциялоо, каналга бетон лотокторду орнотуу иштерин жургузууго каражаттарды эл аралык донорлордун каражаттарынан Республикадан болдуруу жана бул иштердин аягына чыгарылышын камсыз кылуу.
  8. Бюджеттик акчаларды, грант кредиттерди  болуштуруу жана анын туура колдонулуусун козомолдоо.
  9. Шаарыбыздын СССР убагында курулган этаж-уйлорунун чатырларын, дубалдарын, жашоочулар  менен  бюджеттин эсебинен кошо ремонттоо  жолун караштыруу. Коп  кабаттуу уйлордун  айланасына убактылуу деп берилген курулуштурды жонго салуу.
  10. Кварталдык,  домкомдордун  оз территорияларында тазалык  нормаларын сактоо жана кемчилдиктерди жою учун алардын жоопкерчилигин  кучотуу.
  11. Шаардык  оорукананын территорисында  болгон бугунку  начар корунушту жою боюнча,  мумкунчулукторду караштыруу жана  озгортуулорду  колдоо.
  12. Тэплоэнергиялык  жоготууларды  жою учун, теплотрассаларды  стандарттык жонго салуу жолун караштыруу.
  13. Шаардагы тратуарларды узартуу жана кенейтуу.
  14. Ак-Булак айылындагы  ФАП    имаратын жеке  ишкерлердин каржылоосу менен    кайрымдуулук фонддорду  тартуу  жолу  аркылуу  курууну  ишке ашыруу.
  15. Ак-Булак айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында  кайрымдуулук фонддор менен тыгыз мамиледе болуу жана  алардын жардамы  менен скважиналарды  казып чыгаруу.
  16. Ак-Булак айылынын ички  жолдорун асфальт тошоо иш  чараларын Республикалык  дем  беруу гранттарын жана жергиликтуу бюджеттен каржылоо аркылуу аткаруу.
  17. Ак-Булак айылынын айылдык спорт залдын жылуулук системасын куруу.
  18. Караван ооруканасын  толугу менен  ремонттон откоруу, жакыр уй булоолорго  социалдык защита аркылуу жардамдарды туура  болуштуруу.   
  19. Караван айылынын кочолорун толугу менен   жарыктандыруу, бала бакчаларрды ачуу, кочолорго шагал тогуу, трансформаторлорду ремонттон откоруу.
  20. Каравандагы  улуш жерлерге сугат  сууну туура жетиштируу.
  21. 21. Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча квартал сайын  айылдын аксакалдары жана жаштар менен чогулуш откоруу.