Шаардык кеңештердин тизмеси > Кызыл-Кыя шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

Программа

 Ыйман Нуру саясий партиясында идеяларга бай, саясий көз карашы бар,  максат жана милдеттерди  алдына койгон ыктыярдуу жараандардын тобу. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдарына, өзүнүн Уставына жана программасына  ылайык ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Ыйман Нуру саясий партиясында конкреттүү “Кызыл-Кыя шаарын туруктуу өнүктүрүүгө ” программасынын негиздери каралган:

 

  • “Кызыл-Кыя таза жана коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу. Шаардын көркүн ачкан, өзгөчө колорит жана комфорт берип турган жалпы коом эс алуучу жайлар калыбына келтирилип, мыкты абалда каралып туруусу абзел. Бул багытта биз 2025-жылга чейин төмөндөгү максаттарды алдыга коёбуз:
  1. Экологияны сактоого аракет иш чаралары;
  2. Тазалык ишкананын бюджетин кенейтүү;
  3. Кварталдык комитет, домкомдордун иштерин системалаштыруу, аларга мотивация берүү иш чаралары;
  4. Мамлекеттик жан жеке өнөктөштүк программасын колдонуу менен, жеке тазалык ишканаларды пайда болушуна шарт түзүү жана колдоо;
  5. Урналар жана тийиштүү жабдыктар менен камсыздоо;
  6. Паркты реабилитациялоо жана куруу;
  7. Веложол куруу;
  8. Сырткы спорттук-тренажердук аянтча куруу;
  9. Байкоочу камераларды орнотуу:
  10. Жарыктандыруу;
  11. Ишкерлерди, соода - сатык жайларды тазалык жана айлана чөйрөсү оңдоп, көрктөндүрүүгө тартуу;

 

  • Комфорттуу бизнес чөйрө. Шаар бийлигинин экономикалык саясаты бизнес жүргүзүү үчүн чыныгы ыңгайлуу климаттын жаралуусуна тез арада шарт түзүүнү колго алышы керек. Биз бизнесмендерди криминалдын асылуусунан жана мамлекеттик органдардын негизсиз текшерүүлөрүнөн коргоп, реалдуу өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөрдү ишке сунуштайбыз:
  1. Бизнести тейлөө борборун түзүү. Анда ишкерлер менен иштешкен бардык мамлекеттик органдар топтолуп, ишкерлер бир жерден бардык керектүү мамлекеттик тейлѳѳлѳрдү алууга мүмкүнчүлүк алуусу. Ал борбордо бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнө консультациялык жардам дагы берилет.
  2. Жаштардын стартаптарын (ишкердикти баштоо/) жана келечектүү бизнес-долбоорлорду колдоо
  3. Ишкердикке окутуу курстарын жана чет жактарга тажрыйба алмашуу багытында эл аралык уюмдар менен программаларды ишке ашыруу.

 

  • Ачык-айкын генералдык план. Генералдык план – бул шаардын бардык багыттар боюнча ѳнүгүүсүн, күнүмдүк жашоосун аныктаган негизги документ болуп эсептелет. Ошондуктан ал бардык тараптар үчүн ачык-айкын болуп, жалпы шаардыктардын кызыкчылыгына шайкеш келип, заманбап шаар куруу жана архитектура талаптарына жооп берген, калаанын ар тараптан эффективдүү өнүгүүсүнө негиз түзүшү керек. Бул багытта биздин иш-аракеттерибиз төмөнкүдөй болот:
  1. Чукул тартипте эң алдыңкы архитектор, куруучу, эколог, анын ичинде эл аралык урбанисттерди, жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен шаардын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууну бүтүрүү.
  2. Жыл аягына чейин шаардын генералдык планын жана деталдуу пландоо долбоорун толук кандуу ишке киргизүү.

 

  • Таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү.

     Бул көйгөйдү биз эң башкы маселе катары карайбыз жана аны чечүү үчүн өтө олуттуу мамиле жасайбыз. Биздин бул багыттагы аракеттерибиз төмөндөгүдөй болот:

  1. Шаардын таза суу менен камсыз кылуу долбооруна, шаарга караштуу айылдар, жаңы конуштар үчүн жаңыдан долбоорду даярдоо, бул долбоорду каржылоо булактарын табуунун үстүндө иш жүргүзүү.
  2. Долбоорду турмушка ашыруучу компанияны аныктоо үчүн ачык айкын эл аралык конкурс жарыялоо. Долбоорду аягына чыгаруу үчүн 4 жыл берилип, 2025-жылга чейин жогоруда айтылга айыл, жаны коңуштар толугу менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз болушу керек.

 

  • Жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу.

     Заманбап шаарларды башкалардан айырмаланткан эң башкы өзгөчөлүктөрдүн бири  - бул өнүккөн жол-транспорттук инфраструктура. Ушундан улам жана проблеманын масштабдарын эске алуу менен биз төмөнкү аракеттерди жасайбыз: 

  1. Кыргыз Республикасынын бюджеттин эсебинен 2025-жылга чейин Кызыл-Кыя шаарын ири республикалык жана ички жолдорду оңдоону улантуу милдети коюлат.
  2. Ѳкмѳт менен биргеликте ири республикалык жолдорду толук оңдоодо, мыйзам чегинде кѳзѳмѳл жана сунуштар берилип тыгыз иштѳѳ милдети коюлат.
  3. Шаарыбызга мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк программасын колдонуу менен автобустук линияны системалаштыруу жана ишке киргизүү каралат.(автобустарга реклама)

 

  • Маданият жана спорт
  1. Маданият үйүн калыбына келтирүү жана шартын жакшыртуу;
  2. Жалпы эс алуу парк, аллеяларды калыбына келтирип кѳрктѳндүрүү жана куруу;
  3. Маданий, спорт жана жаш балдарга эс алуу жайларды курам деген ишкерлерди колдоо жана аларга шарт түзүү.
  4. Сергек жашоо, спортту ѳнүктүрүүдѳ сырткы машыгуу аянтчаларды курууда, долбоорлорду ишке ашыруу.
  5. Чет ѳлкѳлүк уюмдарды, донорлорду тартуу жана долбоорлор менен иштѳѳ.
  6. Ден сооолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жараандарды колдоо, мамлекеттик кызматтарга кайрылуусунда жеңилдиктерди түзүү.
  • Билим берүү тармагы
  1. Мектептерде окуучуларды жана ата-энелерди тартуу, балдарды окууга болгон кызыгуусун жандантуу;
  2. Иш чараларды маданий, спорттук иш чаралар, кѳргѳзмѳ, экскурция жайылтуу
  3. Окууга шыгы бар, окууда, спорттук, маданий ишчаралардан жетишкен окуучу студенттерди мотивациялоо иш чараларын ишке ашыруу;
  4. Мектептерге инвестиция тартуу, окуу шартын биргеликте жакшыртуу иш чаралары.

Бала бакча актуалдуу болгондуктан, шаардын ичинде жана айылдарда, жаңы конуштарда социалдык обьектилерди куруу.

Билим тармагына инвестиция тартам деген ишкерлерди колдоо(жер, инфраструтура ж.б)

         Жаштарды социализациялоо үчүн альтернативдүү заманбап аянтчаларды түзүү. Заманбап жаштар борборлорун, креативдүү студияларды жалпылап айтканда, убакытты пайдалуу жана инсандык жактан өнүгүү менен өткөрө турган заманбап аянтчаларды түзүү биздин 2025-жылга чейинки күн тартибибизде болот.     

  • Социалдык секторду жана адам потенциалын өнүктүрүү.

 Калктын жашоосунун социалдык шарттарын жакшыртуу, адамдардын потенциалын көтөрүү талашсыз түрдө биздин артыкчылыктуу иш багыттарыбыздын бири болот. Анын алкагында биз төмөнкүдөй максаттарды алдыга коёбуз:  

  1. Саламаттыкты сактоодо дарыгерлер менен чогуу иш алып баруу жана алардын жумуш шарттарын жакшыртуу иш чаралары;
  2. Мамлекет тарабынан берилип жаткан женилдиктерди жеткиртүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү.
  • Санарип муниципиалдык кызматтар.

Бул багыттагы биздин кадамдарыбыз:

  1. Муниципиалдык мүлк жана жерлерди сатууну жана ижарага берүүнү онлайн-аукцион аркылуу уюштуруу. Бул механизм шаардын балансындагы бардык мүлктөрдүн электрондук ачык-айкын маалымат базасын жана жер үлүштөрдүн санарип картографиясын түзүү аркылуу ишке ашат. Муну менен муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдалануудагы коррупциялык коркунучтар жок кылынып, мүлктѳрдү башкаруунун эффективдүүлүгү жогорулайт.
  2. Мэрияда жана анын түзүмдүк мекеме жана ишканаларында электрондук иш-кагаз жүгүртүү киргизилет. Ошондой эле бардык муниципиалдык кызмат кѳрсѳткѳн ишканаларды камтыган бирдиктүү Колл-центр кызматы уюштурулат.     
  • Энергетика тармагы.

Биздин командабызда мыкты энергетик адистери шайлоого баратат.

Эскирген электр жабдыктарын алмаштыруу, жан кошундарга трансформатор маселелерин чечүү. Кээбир айылдарга, борюбордук жылуулук долбоорун ишке ЮСАИД, АБР ж.б уюумдар ркылуу ишке ашыруу.

  • Ыктыярчылар (волонтер), активисттерди колдоо.

Ыктыярчылар (волонтер), активисттерди колдоо жана алар менен тыгыз иштешүү. Жашатар эн негизи күч, биздин максат аларга дем берүү жана колдоо.