Шаардык кеңештердин тизмеси > Кызыл-Кыя шаардык кеңеши > "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы

«Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын программасы

 ЖАКЫНКЫ МИЛДЕТТЕР.

Коронавирустун эпидемиясы жетекчилердин жана алардын өлкөну башкаруудагы жөндөмүн олуттуу сыноодон өткөрдү, түзүлүштүн алсыз звенолорун ачыктап биз ири эпидемияларга кандай туруштук бере аларыбызды айгинелеп койду.

            Короновирус илдетин алдына-алуу системасындагы кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Короновирус ооруларды алдына алуу системасындагы кемчиликтерди ачыкка чыгарды.

            Ооруканалардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишинен жана медициналык перенсоналдын жетишсиздигинен медициналык мекемелер көзөмөлдөөнүн жана алдына-алуунун жергиликтүү системаларына өз учурунда кошула алышпады.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Мамлекеттин эпидемия менен күрөштө алсыздыгынын себептерин ачуу боюнча коомчулуктун катышуусу менен мамлекеттик комиссияны тузүүнү демилгелейт.

COVIT 19 миңдеген Кыргызстандыктардын өмүрүн алып, ооруга чалдыктырды. Өлкө гуманитардык катастрофага чалдыгуунун алдында калды. Эпидемия  саламаттыкты сактоо секторундагы терең проблемаларды ачыкка чыгарды. Эгерде эл аралык финансылык институттардын, чет жердеги мекендештердин жардамы болбогондо, илдетти жуктуруп алуудан  коркпой, ооруканаларга жеткирүү маселелерин чогу чечүү менен чакырууга кислороду менен барып жаткан ыктыярчылардын топтору болбогондо бул эмне менен бүтөрүн айтуу кыйын.

  • Комиссиянын тыянагынын жыйынтыктары боюнча өлкөдөгу эпидемиялогиялык абалга жооптууларды жана катастрофага жол берген баардык жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартууну демилгелейт.
  • Ооруларды алдына-алуу жана көзөмөлдөө системасын о.э. медициналык камсыздоодо COVIT 19 учурунда ачылган келишимдерди жоюуу үчүн бүтүндөй системаны реформалоо.
  • Коомдук саламаттыкты сактоо тармагында өзгөчө абал пайда болгон учурда ага чара колдонуунун ыкчамдатуу үчүн жетекчиликтин эффективдүү системасын түзүү.
  • Улуттук байлыкты коргоо, өлкөнүн кызыкчылыктарына доо кетирген баардык адамдарды жоопкерчиликке тартуу менен “Кумтөр” маселеси боюнча кароону демилгелейт.
  • Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын укуктарын кайра калыбына келтирүү максатында “Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт.

 

КЕЛЕЧЕКТЕГИ МИЛДЕТТЕР

ЭКОНОМИКА.

 “Бүтүн Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

Өнөр жай чөрөсүндө:

  • Чийки заттарды эмес, даяр продукцияларды экспорттоо. Жаратылыш ресустарын өлкө ичинде кайра иштетүү жана даяр продукцияны,тейлөө кызматтарды соодага коюунун төмөндөтүү
  • Ата мекендик атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларга экспорттук салыктардын денгээлин төмөндөтүү жана өндүрүштөгү чийки зат товарына салыктарды жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу.
  • Реалдуу иштеген ишканалар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Буга салык, бажы, салык эмес төлөмдөр, жана тарифттик жөндөө чөйрөлөрүндөгү саясат баш ийиши керек.
  • Кыргызстанды транзиттик айландырууну көздөгөн экономикалык өнүгүүнүн инфраструктуралык чектөөлөрдү жоюуу. Сөз Торугарт—Жалал-Абад- Өзгөн темир жолун куруу жөнүндө болуп жатат.
  • Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын туура эмес пайдалануучуларга экономикалык жана укуктук чектөөлөрдү чыңдоо. Жаратылыш кен байлыктарды казууга киргизилген ренталарды үч денгээлдеги системага киргизүү.

Кичи жана орто бизнес чөйрөсүндө:

  • Тескөөдөн бошотуу.
  • Өндүрүшчүлөрү менен мамлекеттик өнөктөштүк аркылуу кызматташуу жөнүндө келишимдин чөйрөсүн кеңейтүү.
  • Криминал жана коррупциядан коргоо. Каржылоо булактарына жетишүүнү кеңейтүү.
  • Кичи ишкерчиликтин турушуна жана өнүгүшүнө тоскоолдук кылган аракеттерге жоопкерчилик каралган мыйзамды кабыл алуу.
  • Илимий кызматкерлер жана ойлоп табуучулар үчүн жумушчу орун түзгөн, жаңы технологияларды жана иновациялык өндүрүштү алып келген кичи жана орто ишканаларга мамлекеттик артыкчылык берүү.

Айыл-чарба чөйрөсүндө:

  • Фермердик чарбаларды өнүктүрүүнү колдоо.
  • Дыйкандын эмгек акысын акыйкат төлөөнү натыйжалуу уюштурууну камсыздай турган кооперациянын керек-жарак, насыя, өндүрүш-тиричилик каражаттарынын түрлөрүн түзүүгө демөөрчү болуп катышууну колдоо.
  • Айыл-чарба продукцияларын мамлекеттик сатып алууга кепилдик баалардын жардамы аркасында дыйкан чарбалардын кирешелерин колдоо.
  • Органикалык жер семирткичтерге негизделген айыл чабасын өнүктүрүү-дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү экологиялык коопсуз продукцияларды өндүрүү.
  • Айыл шартына керектүү (чарбалык педагокикалык, медициналык ж.б) адистер үчүн айылдык бүтурүүчүлөргө Жогорку окуу жайларына квота киргизүү.

ПЕНСИЯ

Пенсия-бул мамлекеттик социалдык төлөм. Бул карылыкты татыктуу жашоо үчүн акы алуу укугу. Биздин пенсионерлер өлкөнү түзүштү. Алар шаарларды жана айылдарды, ГЭСтерди курушту. Алар балдарды тарбиялап эгин эгип, нан жасаганды үйрөтүштү, илимди түптөштү.

“Бүтүн Кыргызстан”партиясы биздин пенционерлер терең урмат-сыйга ээ деп эсептейт.

  • Инфляциянын шартында бардык пенциялык төлөмдөрдү индексацияны жыл сайын ашыра турууну коргоо.
  • Мурунку бийлик алып салган ардактуу пенсионерлерге каралган жеңилдиктерди кайра калыбына келтирүү.

ЖАШТАР

 “Бүтүн   Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Жаштарга мүмкүнчүлүк түзүп, ар бир жаш адам өз жөндөмүнө жетишүү үчүн бир типтүү шарттарды түзүүгө басым коюуу керек.
  • Жаш жарандар ийгиликтин бардык кабатында жана башкаруунун бардык чөйрөсүндө активдүү өйдө көтөрүлүшүнө мүмкунчүлүк түзүш керек.
  • Мамлекеттик ишканалар үчүн адистерге буйрутмаларды киргизип жаштар уюмдарынын конструктивдүү иштерин колдоо.
  • Мамлекетик спорттук, илимий,технологиялык комплекстерди курууну колдоо жана алар жаштарга акысыз жеткиликтүү болушу керек.
  • Мектептердин , орто жана жогорку окуу жайлардын интернетке кошулуусу акысыз жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу.

БИЛИМ БЕРҮҮ

 “Бүтүн Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Бекер орто билим берүүнү сактап калуу.
  • Мамлекет муктаж болгон кесиптер боюнча, шартка ылайык жогорку окуу жайларда бюджеттик орундардын санын көбөйтүү.
  • Мугалимдердин жана илимий педогогдордун статусун көтөрүү, алардын эмгек акыларын жана социалдык коргоо төлөмдөрун жогорулатуу.
  • Кесиптик-техникалык билим берүү системасын жандандыруу.
  • Аралыктан электрондук билим берүү системасын кеңейтүү, өлкөнүн алыскы райондорунун тургундарына, аскердик кызматтагы жоокерлерге, калктын социалдык аз камсыз болгон катмарларына жеткиликтүү болушун камсыз кылуу

Саламаттыкты сактоо

Саламаттыкты сактоо тармагы элдин талабына ылайык болушун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы  каалайт. Ал үчүн:

  • Саламаттыкты сактоо тармагы Кыргызстандын баардык атуулдары үчүн жеткиликтүү болушу.
  • Дары дармектер сапаттуу жана элдин сатып алуу жөндөмүнө ылайыктуу, алардын баасын бекем мамлкеттик көзөмөлгөө алуу.
  • Айылдык дарыгерлерге жеңилдиктерди камсыздоо(турак жай сатып алууга максатуу каражаттар менен камсыз этүү)
  • Ден соолуктуу чыңдоо үчүн массалык машыгууларга шарттарды түзүү.

Үй бүлө- мамлекеттин өзөгү

“Бүтүн Кыргызстан” зарыл деп эсептейт

  • Үй бүлөлүк баалуулуктарды сактоо
  • Үч балалуулардан жогоркуларга төмөнкү социалдык төлөмдөн жогору “үй бүлөлүк эмгек акыны” төлөп берүү.

         Ар бир баланы бала бакчалар менен камсыз этүү. 

          Балдардын мамлекеттик бюджеттен бекер дарылануусун камсыздоо.

          Балдарды жайкы эс алуучу жана ден соолугун чыңдоочу лагерлер менен камсыз этүү.

ТУРАК ЖАЙ

 “Бүтүн Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Калктын аз камсыз болгон катмары үчүн жеткиликтүү болгон турак жайлардын курулушун жана пайдаланышын каржылоо, мамлекеттик жеке өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү.
  • Үстөктүк курулуштун катышуучуларынын жарандык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кепилдиктерин жогорулатуу.

ТУРАК ЖАЙ КОММУНАЛДЫК ЧАРБАСЫ

Коммуналдык инфраструктуралар  эскирген. Турак жайларды капиталдык жарандарга жүктөлгөн. Бүгунку “турак жай кодекси”учурдун талабына жооп бербейт.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Турак жайды пайдалануу, кармоо жана ремонтоо жана коммуналдык кызматтарды төлөө боюнча жеңилдиктерди компенцациялоо үчүн жарандарга турак жай субсидияларын бюджеттик каражаттарынын көлөмүн когорулатуу.
  • Айылдык бюджеттегилер үчүн коммуналдык кызматтагыларга акы төлөөгө жеңилдиктерди киргизүү.
  • Чиновниктерге жана бизнес структуралардын зомбулуктарын алып салган турак жайды кармоо жана ремонтоого катуу  көзөмөлдү камсыз кылган коммуналдык кызматтардын экономикалык негиздүү жана ачык айкын системасын түзүү.

КОРГОО

 “Бүтүн   Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Мамлекет өзүнүн көз карандысыздыгын сактоого өз жарандарынын жана мекендештеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жөндөмдүү болушу керек.

ТЫШКЫ САЯСАТ

  “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Кыргызстандын жалпы экономикалык аймактык коллективдүү коопсуздукту камсыздоого багытталган  (КККУ (ОДКБ), ШКУ) менен өз ара тең укуктуу кызматташтыгы интеграциялык процесстерге катышууга өзгөчө маани берет.

МАДАНИЯТ

Маданият-улуттун уңгусун сактап,тилин дилин өнүктүрүп жана дүйнө таанымын бүт ааламга даңазалай турган негизги каражат.Маданият калкты бириктирип, ынтымак , ата мекенге болгон сүйүүнү,анын улуулугун даңктоочу универсалдуу курал.

“Бүтүн  Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Улуттук кылым карыткан элдик оозеки чыгармаларга, акындык өнөргө, музыкалык аспаптарга, кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө жаш муундарды үйрөтүүгө жана окутууга мамлекеттик каржылоону көтөрүү.
  • Өнөр адамдарына тийиштүү эмгек акыны жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу.
  • Интернет желесине кошулган китепканаларды жалпыга жеткиликтүү маалыматтык маданий борборлордун түйүндөрунө коштуруу.
  • Музей-коруктарга өзгөчө коргоодөгу аймак статустарын ыйгаруу.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге колдоо.

“Бүтүн  Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Мамлекеттен майыптарга арзыбаган садаганын кереги жок аларга реалдуу колдоо көрсөтүү керек. Биз кыймыл аракети чектелгендердин жашоо турмушун ар тараптуу, сапаттуу жакшыртууга багытталган мыйзам демилгелерин алга сүрөйбүз. Алар толук кандуу турмушка активдүү аралашып өз мүмкүнчүлүктөрүн турмушка ашырууга жетишүүгө бут аракеттерибизди жумушайбыз.

УЛУТТУК САЯСАТ

 “Бүтүн  Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

Улуттук экстремизмди жана диний ээн баштыкты, рассалык ар кандай терс көрүнүштөрдү аесуз жоюуу. Коомдогу толеранттулуктун деңгээлин жогорулатууга, Кыргызстандагы улуттардын маданиятын жана искуствосун таанытууга багытталган улут аралык таанып билүү боюнча  маданий долбоорлорду колдоо.

Коррупцияга каршы аракет

 “Бүтүн  Кыргызстан” партиясы зарыл деп эсептейт:

  • Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы менен коррупциялашкан мамлекеттик аппарат сыйышпайт. Биз бизнес менен мамлекеттик кызматты аралаштырууга бөгөт коюуу боюнча мыйзамдардын аткарылышына катуу талап коебуз. Коррупцияга шектелген чиновник тапкан байлыгынын финансылык булактарын ачык көрсөтүүгө милдеттүү.

Кылмыштуулук менен күрөш жана тартипти сактоо

 “Бүтүн  Кыргызстан” партиясы атуулдардын коопсуздугун сактоону башкы максат деп эсептейт.  

  • Жарандарды кылмыштуулуктан жана зомбулуктан коргоо.
  • Укуктук мамлекетти камсыздоодо- соттордун коррупциялашуусу, мамлекеттик бийликке крим чөйрөнүн аралашып кетүүсү негизги тоскоолдук.

ЭКОЛОГИЯ

Экологиялык маданиятсыздык, булганыч жер, суу, аба. Кыргызстандын жаратылыш байлыктарына, табиятына,   айлана-чөйрөсунө жапайы  мамиле кылуу, экологиялык коопсуздуктун нормаларын көз жаздымда калтыруу зор экологиялык тобокелдикке туш кылат, өлкөнун тургундарынын ден соолугуна реалдуу коркунуч туудурат.

“Бүтүн  Кыргызстан” партиясы экологиялык чыгымдардын реалдуу ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн экологиялык камсыздандыруунун системасын сунуштайт.