Биз пикирлештерден, демилгелүү жумушчулардан жана шаарыбызды сүйгөн патриоттордон турган командабыз!

БИЗДИН ЭМГЕКТИН КАДАМДАРЫ ЖАНА ИШ-АРАКЕТТЕРИ:

  1. БАШКАРУУ САЯСАТЫ БАГЫТЫНДА: 

Көпчүлүк жарандардын ойлору боюнча шаар башкаруу саясаты -  эффективдүү эмес. Административдик башкаруу саясатынын кемчиликтери элдин ишенимин кетирди.

  • Бюджеттик каражаттарды эффективдүү, сарамжалдуу пайдалануу жана анын аткарылышынын ачыктыгын камсыздоо!

Учурда шаардык бюджеттин тутуму боюнча шаар тургундарынын маалыматы аз. Шаар тургундарынын бюджеттин аткарылышы боюнча ишеним индекси төмөн. Минималдуу чыгым менен максималдуу жыйынтыктарга жетүүнү максат кылып, бюджеттик чыгымдардын деталдуу ачыктыгын камсыздайбыз.

Чечүү жолдору:

  • Шаардык сайтты жанылоо. Анын туруктуу иштөөсүн жана жанылануусун камсыз кылуу.
  • “Баткен мэрия” мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу.
  • Бюджеттин ачыктыгын сайт жана тиркеме аркылуу камсыздоо.
  • Шаардык кенештин ишмердүүлүгүн онлайн, ТВ, радио жана социалдык тармактар аркылуу чагылдыруу.
  • Ишмердүүлүк боюнча отчетторду сайтка жана тиркемеге деталдуу маалыматтары менен чыгаруу.
  • Тендерлерди/аукциондорду ачык, онлайн жана жарандык коомдун катышуусунда уюштуруу.
  • Шаардык кенештин, мэриянын жана мэрия алдындагы муниципалдык мекемелердин ишмердүүлүгүн шаар тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүүсү багытында реформалоо.

Чечүү жолдору:

  • Элдердин кайрылууларын шаардык мэриянын сайты жана жаныдан түзүлүүчү “Баткен мэрия” мобилдик тиркемеси аркылуу кабыл алуу.
  • Шаардык кенештин ишмердүүлүгүн социалдык тармактар, ТВ же радио ж.б. ММК аркылуу чагылдырып туруу.
  • Мэрия жана муниципалдык мекемелердин эффективдүү иштөөсүн камсыз кылуу үчүн шаардык бийликтин тутумун/структурасын, ишмердүүлүгүн жарандык коом тарабынан баалоо системасын киргизүү.
  • “Баткен мэрия” мобилдик тиркемеси аркылуу төлөмдөрдү аткаруу. Муниципалдык кызматтар тууралуу маалыматтарды алуу.
  • Инвентаризация жана цифровизация жасоо. 
  • Шаар тургундары менен шаар башкармалыгынын ортосундагы тоскоолдуктарды жоюу:

Чечүү жолдору:

  • Бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу! Муниципалдык кызмттардан пайдалануудагы, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү документтердин санын кыскартуу.
  • «Бирдиктүү терезе» кызматын жанылоо! Муниципалдык бардык кызматтарды көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезе” принцибин киргизүү.
  • Муниципалдык кызматтарды санариптештирүү.
  • Жеке менчикке жер бөлүп берүү боюнча жарандардын муктаждыктарын жана катар номерлери тууралуу маалыматтарды шаардык сайт жана тиркеме аркылуу ачыктыкка чыгаруу.
  • “Баткен мэрия” мобилдик тиркемесинин жана шаардык мэриянын сайты алкагында “Шаарыма кызмат” аттуу жаны порталды кошуу. Анын негизги максаты шаарды ар тараптуу өнүктүрүүгө сунуштарды кабыл алабыз.
  • Шаардык кенештин төрагасынын жана шаар мэринин ар бир квартал сайын аткарылган иштер жана аткарылуучу пландар боюнча онлайн отчет берүүсүн киргизебиз.

Жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жарандык коом менен кызматташуусун жаны денгээлге чыгарабыз.

  1. КООМДУК ТАРТИП ЖАНА КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДОО БАГЫТЫНДА:

Чечүү жолдору:

  • Мэрия менен укук коргоо структурасы ортосунда жаны денгээлдеги кызматташтыкты киргизүү.
  • Коомдук алдын алуу борборлору менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү.
  • Шаар коопсуздугуна инфраструктуралык шарттарды түзүү (жарыктандыруу, светофор жана борбордук көчөлөргө видеобайкоо орнотуу, көчөлөрдү кенейтүү, асфальт, тротуар куруу, жол белгилерин орнотуу).
  • Шаардагы бардык элге ар тараптан кызмат кылуучу муниципалдык жана жеке жактардын ишканаларынын санитардык-эпидемиологиялык абалын жана өрт коопсуздугуна карата шарттарды жакшыртуу. Заманбап коопсуз эт сатуучу комплекс салуу.
  • Шаардын азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу.
  • Шаардын эпидемиологиялык, медициналык, өзгөчө кырдаалдар коопсуздугуна чараларды көрүү жана шарттарды түзүү. Ушул коопсуздукка байланышкан курулуш, технологиялар жб. каражаттар менен камсыздоо иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү.
  • ЭКОНОМИКА 
  • Баткен шаары – облусубуздун инновациялык бизнес жана экономикалык локомотиви болуп саналат.

Чечүү жолдору:

  • Кичи жана орто бизнес үчүн ынгайлуу шарттарды түзүү жана жеке ишкердикке колдоо көрсөтүү. 2019-2020-жылдар аралыгында 841 жаны жумуш орундары ачылган. Шаардык / муниципалдык - жеке ишкердик кызматташуу системасы аркылуу жаны жумуш орундарын ачуу менен көрсөткүчтү жогорулатуу.
  • Шаар тургундарынын кызыкчылыктарын коргоо менен жеке жана тышкы инвесторлор үчүн ынгайлуу шарттарды түзүп, прогрессивдүү кызматташуу. Мисалы: 2019-2020-жылдар аралыгында жеке секторлор менен тышкы инвестиция 651,3 млн сомду түзгөн, б.а. республикалык бюджеттин салымынан бул 2 сектордун салымы 6 эсе көп. Учурда 4 жеке ишкер тарабынан курулуш иштери жүрүп жатат. Алардын долбоорлорунун толук ишке ашуусуна ар тараптуу жардамга көмөктөшүү.
  • “Прогрессивдүү өнүгүү” фондун түзүү менен, маданий, социалдык, курулуш инфраструктуралык, экологиялык/тазалык жана билим берүү долбоорлорун түзөбүз.
  • Инновация, инвестиция тартуу жана өнүгүү боюнча атайын жаны муниципалдык агенттик түзүүнү колго алат.
  • Бизнес жана экономика тармагында жаңы өндүрүштүк жана жумушчу орундарды ачууну баштайбыз. 2019-2020-жылдарда 841 жаны жумуш орундары ачылган. Баткен шаарындагы тигүү цехинин (“Бытовой комбинат”) базасын чонойтуу менен, алдарга кошумча жумуш орундарын ачуу, анын шартын жакшыртуу. Бул көрсөткүчтү жогорулатууга көмөктөшүү.
  • Муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруу аркылуу кирешени жогорулатуу.

Чечүү жолдору:

  • Цифровизация жана инвентаризация жасоо.
  • Ачык / онлайн аукцион системасын киргизүү.
  • Муниципалдык кызматтардын/тейлөөлөрдүн баасын кайра карап чыгып, шаар тургундарынын кызматтан колдонуусуна жараша бааларды киргизүү.
  • Салыксыз кирешени жогорулатуу.
  • “Баткен Тазалык” ишканасынын ишин реформалоо. Оперативдик тазалык группасын түзүү. Ага техникаларды гранттар аркылуу тартуу. Ишканага сунуштарды жана шаар тазалыгы боюнча таштандыларды тазалоо боюнча кайрылууларды телефон, мэрия сайты жана мобилдик тиркеме аркылуу киргизүү.
  • “Таза суу” ишканасын жана анын алкагында реформа кадамдарын жасоо. “Таза суу” долбоорун толук ишке ашыруу. Аны жаны конуштарга тартуу боюнча ага инвестиция же гранттарды тартуу. Аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалыматтарды чагылдырып туруу.
  • Мэриянын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти менен жеке ишкер/инвесторлордун кызматташуусун жакшыртуу менен жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү. 2019-2020-жылдар аралыгында жеке сектор жана тышкы инвестиция 651,3 млн сомду түзгөн.
  • Ижарага берилбей жаткан кайра бөлүштүрүү фондунун 110,01 га жерин айыл чарба же жеке ишкерлерге ижарга берүү.
  • Буга чейин аукциондордон утуп алган жарандардын төлөмдөрүн өз убагында төлөөсүн камсыздоо. Учурда жалпысынан 5542,65 мин сом төлөтүлө элек.
  • Баткен шаардык салык кызматы менен биргеликте шаар тургундарына ынгайлуу кызматташууга шарттарды түзүүнү карап чыгуу.
  • Энергетика жана өнөр жай.

Чечүү жолдору:

  • Шаар тургундарын жетиштүү электр энергия менен камсыздоо. Айрыкча жаны конуштарга жаны трансформаторлорду жана электр чубалгыларын орнотуу. Андан сырткары Баткен шаарынын эн чон жана узун көчөлөрүн (1. Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын кире беришинен “Манас” этнографиялык комплексине чейин, 2. Дара айыл аймагынын Чек айылынын Баткен шаарына кире бериш жеринен Кызыл-Жол кварталынын Төрт-Гүл суу сактагычы тарабына чыга бериш жерлерине чейинки көчөлөргө жарыктандыруу системасын орнотуу. Жарыктандыруу орнотулбаган жерлерди камтуу.)
  • Энергетика тармагында кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана туруктуулугун камсыздоо
  • Энергетика тармагы боюнча да инвестиция жана гранттык каражаттарды тартуу.
  • Муниципалдык кичи кайра иштетүүчү цехтерди, өнөр жай тармагындагы кичи ишканаларды ачуу жана аларды базар баасында элект энергиясы менен камсыздоо.
  • Экологиялык коопсуздукту камсыздоого көмөктөшүү.

Чечүү жолдору:

  • Жашыл экономиканы сунуштоо.
  • Коомдук уюмдарды жана активдүү жарандарды экологиянын жакшыруусуна арналган иш-чараларга тартуу.
  • Жашыл экономика долбоорлорун киргизүү.
  • Өндүрүштүк мусорлор, ыш аркылуу булгоого каршы профилактикалык иш-чараларды пропагандалоо.
  • Күн энергетикасын пайдаланууга киришүү.
  • Автоунаалардын ордуна велосипеддерди ж.б. ыш чыгарбоочу транспортторду пайдаланууну пропагандалоо.
  • Таштандыларды сортоо маданиятын киргизүү. Мусор таштоочу полигонго катуу турмуш-тиричиликке байланышкан таштандыларды азайтуу жана экинчи сырье кайра иштетүү долбоорун түзүү. Таштандыларды сорттоо боюнча жарандык демилгени колго алуу. Таштандыларды түрүнө жараша чогултууга шарттарды түзүү.
  • Шаар коопсуздугун камсыздоо:

Чечүү жолдору:

  • Негизги көчөлөргө камераларды орнотууну пландоо жана аны ишке ашыруу. Гранттык каражаттарды тартуу.
  • “Коопсуз Баткен” долбоорун түзүү жана аны ишке ашыруу.
  • Көчөлөрдү жарыктандыруу курулуштарын улантуу.
  • Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү.
  • Шаардык транспорт саясатын жакшыртуу.

Максатыбыз: Шаар тургундарын жана конокторду ынгайлуу, таза жана коопсуз транспорттор менен камсыздоо. Автопарктарды салуу.

Чечүү жолдору:

  • Чон жүк ташуучу машиналар үчүн айланма жол курулушун тездетүүгө көмөктөшүү.
  • Республикалык бюджеттен бөлүүнүүчү (3 км) ички шаардык жол курулушун эффективдүү пайдалануу. Сурамжылоо жана баалоо критерийлеринин негизинде.
  • Кошумча светофор жана жол белгилерин орнотуу.
  • Муниципалдык автобустарды сатып алуу.
  • Муниципалдык – жеке ишкер кызматташтыгында автопарктарды салуу.
  • Көчөлөрдөгү муниципалдык менчиктердин, тургундардын жер тилкелеринин чек араларын калыбына келтирүү.
  • Туризм.

Шаардык тургундар жана коноктор, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу. Руханий маданиятты жайылтуу.

Чечүү жолдору:

  • Шаардык тарыхый-этнологиялык музей ачуу. Анын базасын чонойтуу.
  • «Манас-ордо» этнографиялык комплекстин базасын чоңойтуу,
  • Шаардын түндүк-чыгышындагы ипподром аянтынын шартын жакшыртуу.
  • Кинотеатрлардын шартын жакшыртуу менен, кең экрандуу кинематикалык тутумун киргизүүнү ишке ашырабыз.
  • Искусство, театр жана маданият тармагындагы мекемелер менен улуттук баалуулуктарды, руханий маданиятты жайылтуу максатында жаны багытта иштер жүргүзүлөт.
  • «Этнографиялык шаарча» долбоорун түзүү. Алгачкы кадамдарды баштоо.
  • Жеке туристтик багыттагы ишкерлер менен алгылыктуу кызматташуу.
  • «Дөгмөн» жайлоосуна туристтер жана шаар тургундары үчүн эс алуу зонасынын долбоорун түзүү. Ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн издөө.
  • Шаар түзүлгөндөн баштап, бүгүнкү күнгө чейинки жанын үрөп эмгек кылган инсандар: мэрлер, спортсмендер, маданият кызматкерлери, врачтар, чыгармачыл адамдар, мугалимдер, жеке ишкерлер, энергетиктер ж.б.у.с. алгылыктуу эмгектин ээлери камтылган, Баткен шаарына, анын тарыхына, географиясына, экономикасына ж.б  тармактан өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар, бардык статистикалык маалыматтар, ийгиликтуу окуялар, шаардын жетишкендиктери ж.б.у.с маалыматтар камтылган “Баткен шаарынын энциклопедиясын” түзүүнү колго алабыз.
  1. ШААР ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ:

Чечүү жолдору:

  • Тротуар куруу. Эски тротуарларды жанылоо. Тротуар курулуш иштерине гранттык каражаттарды тартуу.
  • Жаны көчөлөрдү куруу. Жаны конуштардын көчөлөрүн асфальтоо же ага чейин грейдерлер менен ар бир квартал сайын тегиздеп туруу.
  • Жаны эс алуу паркын куруунун долбоорун иштеп чыгуу. Шаардын стратегиялык планына жаны эс алуу паркын киргизүү. Парк курулушун пландоо жана баштоо.
  • Учурдагы 3 кичи парк (Pocket Park): “Манас”, “Токтогул олуя”, “Саймалуу- Таш” зоналарынын шартын жакшыртуу. Жеке ишкерлерге арендага берүү. Парк курулушун жакшыртуу боюнча гранттарды тартуу.
  • Жаңы конуштарды өнүктүрүү. Жаңы конуштарда тургундардын жашоо шарттарын/ инфраструктурасын жакшыртуу. Жолдорду, тротуарларды, социалдык жана коомдук жайларды куруу.
  • Чет-Булак кварталынын түндүк жагы аркылуу Торт-Гүл суу сактагычынан айланма канал же дюкер аркылуу агын суу алып келүү долбоорун киргизүү. Инженердик эсептөөлөрдү жана чалгындоону жүргүзүү. Мүмкүнчүлүк же гранттар болсо, аны ишке ашырууну баштоо.
  • Суу линияларын (лотоктор аркылуу) жана канализация системасын этап-этабы менен киргизүү жана жанылоо. Айрыкча Чет-Булак кварталынын жана Кызыл-Доң кварталынын жаны конуштарында муктаждык жогору.
  • Шаар кварталдарында спорттук аянтчаларды ачуу.
  • Көп кабаттуу үйлөрдүн аралыгындагы жерлерде жана муктаждык бар кварталдарда жаш балдар үчүн оюн аянтчаларын куруу. Аларга жеке ишкерлердин кызыгуусун арттыруу.
  • Шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу:

Чечүү жолдору:

  • Көп жылга багытталган “Генералдык Шаар Курулуш” планын кайра карап чыгып, толуктоолорду жана муктаждыкка жараша өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Кийинки бардык курулуштар ушул пландын негизинде этап-этап менен ишке аша берет.
  • Шаарда бирдиктүү стандарт дизайн эрежесин киргизүү. Курулуштардын чатырын жана дубалдары бир стандарттык типке киргизүү. Архитектуралык-курулуш стандарттарды, архитектуралык жаны стилдерди колдонууну киргизүү.
  • Ландшафттык дизайн жана жашылдандыруу. Декоративдик ландшафттык дизайнды киргизүү.
  • Шаардык панорама эс алуу паркын ачуу. Мындай курулушка жеке ишкерлер да кызыктар.
  • Муктаждык бар парктарга фонтан куруу. Парктын туруктуу иштөөсүн жеке ишкерлерди тартуу менен камсыз кылуу.
  • Көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоорун колго алуу.
  • Борбордук көчөлөргө шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана шаар көркүн чыгаруу максатында кооз тосмолорду орнотуу.
  1. СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨ 
  • Билим берүү жана илим.

Чечүү жолдору:

  • Мектепке чейинки жана мектептеги билимдин сапатын жакшыртууга шарттарды түзүү. Керектүү инновациялык жабдыктардар менен камсыздоо.
  • Жаны мектеп жана бала бакчаларды куруу. Курулуштарга инвестиция жана гранттарды тартуу. Учурда 4 мектеп жана 1 балдар бакчасынын долбоору ишке ашырылуу алдында турат, алардын ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөктөшүү.
  • Курулуштарга муниципалдык-жеке кызматташтык негизин киргизүү.
  • Илимий жана билим берүү борборун ачуу. Биз көп тилдүү билим берүү тутумунун эбегейсиз потенциалын ачуу максатында инновациялык университеттин филиалын ачууну көздөйбүз. 
  • Социалдык коргоо. Баткен – социалдык камкордуктун шаары.

Чечүү жолдору:

  • Социалдык жардамдарды алуунун процедурасын женилдетүү.
  • Аярлуу топтун өкүлдөрү үчүн “Социалдык жардам” Фондун түзүү.
  • Аларды жеке ишкердикке тартуу боюнча иштерди жүргүзүү. Аларды жеке ишкерлер менен кызматташтыруу.
  • Алар үчүн атайын окууларды уюштуруу.
  • Бизнес долбоорлорго тартуу.
  • Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттарды жакшыртууЖолдорду/тротуарларды капиталдык ремонттоо. Коомдук жайлардын баарына стандарттуу пандустарды орнотуу. 
  • Медицина жана саламатттыкты сактоо.

Чечүү жолдору:

  • Саламаттыкты камсыздоо багытында жаны технологияларды камсыздоо. Компьютердик томография. Резонансттык томография.
  • Муктаждыкка жараша жаны медициналык ишканалардын/ФАП курулушун куруу. Айрыкча жаны конуштарда (Паран, Тамаша-Жай, Чет-Булак) суроо-талап жогору.
  • Медицина кызматкерлери үчүн тажрыйба алмашуу ички жана тышкы турларын уюштуруу. 
  • Жер тилкеси менен камсыздоо.

Чечүү жолдору:

  • Турак жайга жер трансформациялоо.
  • Муктаждыкка жараша тамарка үчүн жер тилкелерин шаар тургундарына этап-этабы менен бөлүп берүү. Жер тилкесин бөлүп берүүдө адилеттүүлүктү камсыздоо. 
  • Жаштар иштери жана дене-тарбия, спорт тармагында.

Чечүү жолдору:

  • Жаштар координациялык кенешин түзүү/жакшыртуу,
  • Каржы булактарын чечүү.
  • Алардын туруктуу иштөөсүнө толук шарттарды түзүп берүү.
  • Биз көп тилдүү билим берүү тутумунун эбегейсиз потенциалын ачуу максатында инновациялык университеттин филиалын ачууну көздөйбүз жана жаштар аркылуу бул окуу жайын пропагандалоо.
  • Шаар жаштары, шаар тургундары ортосунда спорттук мелдештерди уюштуруу,
  • Спорттук инфраструктуралардын шартын жакшыртуу жана жанылоо.
  • Маданият тармагында:

Чечүү жолдору:

  • Маданият кызматкерлеринин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө шарттарды түзүү,
  • Улуттук маданиятты жайылтууга арналган маданий – массалык иш –чаралардын аткарылуусуна көмөктөшүү.
  • Маданият кызматкерлери арасында ички жана сырткы маданий турларды уюштурууга көмөктөшүү.

КОРУТУНДУ:

Урматтуу шайлоочу! Эмгегибиз Сиздерге арналат!

Биздин команда: “Эмгек” партиясы - бул шаар курулушун иретке келтирүүнү, инновациялык технологияларды колдонуу менен инфраструктураларды жакшыртууну, бизнеске ынгайлуу шарттарды, шаар тургундары жана коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүчү демилгелүү жаратуучулардын командасы.

Биз пикирлештерден, демилгелүү жумушчулардан жана шаарыбызды сүйгөн патриоттордон турган командабыз!

Эгерде Биз Баткен шаардык кенешине депутат катары өтүп калсак, “Эмгек” саясий партиясынын Баткен шаарын өнүктүрүү боюнча “Прогрессивдүү шаар” программасын ишке ашырабыз!

Баткен шаарынын прогрессивдүү өнүгүүсүнө БҮГҮНДӨН салым кошобуз десениз, БИЗДИН КОМАНДА “ЭМГЕК” саясий партиясына добуш бериниз!

ИШЕНИМДИ АК ЭМГЕК МЕНЕН АКТАЙБЫЗ!