Шаардык кеңештердин тизмеси > Кызыл-Кыя шаардык кеңеши > НДПК "КЫРГЫЗСТАНДЫН-ЭЛДИК ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ"

 “Кыргызстандын-Элдик Демократиялык партиясы”Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүмүнүн 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо алдындагы

Программасы

2021-2025-жылдар

Биздин максат  Кызыл-Кыя шаарынын ар бир тургунунун жашоо шартын жакшыртуу.

 Кызыл-Кыя шаарын өнүктүрүүнүн 7 багыты.

 

  1. Кызыл-Кыя шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү женилдетүү, өнөр – жай, айыл чарбасы, жеке ишкердик, кичи, орто жана чоң бизнес тармагын колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестицияга шарт түзүү аркылуу тартуу.
  2. Шаар элин таза ичүүчү суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу.
  3. Шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, тазалык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү.
  4. Билим берүү,  бала бакча, орто жана жогорку билим берүү мекемелерин колдоо.
  5. Маданият, туризм, спорт жана жаштарды колдоо.
  6. Генералдык план, жаңы конуш, курулуш, жаңы жолдорду куруу, муниципалдык транспорт,  газ менен камсыз кылуу, электр тармактарын жакшыртуу.
  7. Саламаттыкты сактоо, социалдык өнүгүүнү (жумушсуз жарандар,  мигранттар, жакыр үй булөлөр  жана ден соолугунун мүнкүнчүлүгү чектелген жарандарды) колдоо. 
  1. 1-багыт Кызыл-Кыя шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү женилдетүү, өнөр – жай, айыл чарбасы, жеке ишкердик, кичи, орто жана чоң бизнес тармагын колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестицияга шарт түзүү аркылуу тартуу.

 

2021-2025-жылдары шаарыбыздын тургундары үчүн шарт түзүү максатында элге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү женилдетүү максатында санариптештирүү, электрондук кезекке туруу, маалымкаттарды он-лайн режиминде алуу, талап кылынуучу документтерди кыскартуу үчүн шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилери менен иш алып баруу.

Шаардын социалдык-экономикалык жактан өнөр жай, бизнес, жеке ишкердик  тармагын колдоого алуу, шарттарды түзүү. Инвестиция тартуу жолу менен жаны ишканаларды ачуу, жумуш орундарын түзүү.

2-багыт Шаар элин таза ичүүчү суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу.

Шаар тургундарын таза ичүүчү жана сугат суулары менен камсыз кылуу максатында эскиреген куурларды, түтүкчөлөрдү жергиликтүү бюджеттин эсебинен алмаштыруу, Европа өнүктүрүү банкы тарабынан  каржыланып башталган жумушту аягына чыгаруу, үзгүлтүксүз 24 сааттык таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, жаңы конуштарга суу жеткирүү.

Сугат суу маселесин чечүү максатында, жер асты сууларынан пайдалануу.

3-багыт Шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, тазалык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү.

Шаар инфраструктурасын жакшыртуу,  “Тазалык” муниципалдык мекемеси аркылуу шаардын тазалыгын камсыз кылуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу багыттары боюнча атайын программаларды иштеп чыгуу. Шаарда гүл өстүрүүчү теплица куруп, калифорния сөөлжандарын көбөйтүү менен шаар тазалыгын камсыз кылуу. Жашылдандыруу үчүн, шаар климатына туура келген декаративдик дарактарды тигүү.

4-багыт Билим берүү,  бала бакча, орто жана жогорку билим берүү мекемелерин колдоо.

Билим берүү тармагын колдоо, мугалимдерге жана окуучуларга шарт түзүү. Бир класста 40 тан-50 дөн олтурган окуучулардын санын 20-25 түшүрүү, билим сапатын көтөрүү, мектептеги жана бала бакчалардагы мыйзамсыз акча жыйноону жоюу. Жаш мугалимдерди колдоо боюнча иш чараларды-иштеп чыгуу. Бала бакчалардагы кезекке турууну санариптештирүү. Жаңы заманбап бала бакчаларды, типтүү мектептерди курууга инвестиция тартуу. Жогорку окуу жайларынын билим сапатын жогорулатууга арналган иш-чараларды иштеп чыгуу.

5-багыт Маданият, туризм, спорт жана жаштарды колдоо.

Маданият мекемелерин, тарыхый музейлердин имараттарын, сейил багын  оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, заманбап имараттарга айландыруу менен шаардагы туризмди өнүктүрүү. Спортко өзгөчө көңүл буруп, спорт аянтчаларын жакшыртуу, жаш өспүрүмдөрдүн ден-соолугун чыңдоо, спорт чеберлерин даярдоого багытталган атайын иш-чараларды уюштуруу. Жаштар борборунун ишмердүүлүгүн жандандыруу, жаштар менен иштөө үчүн адистерди даярдоо.

6-багыт Генералдык план, жаңы конуш, курулуш, жол, муниципалдык транспорт, электр тармактарын жакшыртуу.

Шаардын генералдык планын иштеп чыгуу, бекитүү. Мыйзамсыз курулуштарды жок кылуу.Жаңы конуштарды түзүү, кезекте турган жарандарга трансформация жолу аркылуу жеке турак жай курууга жер тилкелерин ажыратып берүү, көп кабаттуу уйлорду куруу, ички жолдорду асфальттоо. Шаардык муниципалдык автобустарды алып келуу, электр тармактарын жакшыртуу, үзгүлтүксүз берилүүсүн камсыз кылуу.

7-багыт Саламаттыкты сактоо, социалдык өнүгүүнү (жумушсуз жарандар,  мигранттар, жакыр үй булөлөр  жана ден соолугунун мүнкүнчүлүгү чектелген жарандарды) колдоо.

Саламаттык сактоо тармагынын имараттарынын шарттарын жакшыртуу, кезекке электрондук турууну камсыз кылуу, коррупцияны жок кылуу, сапаттуу даарыланууга шарт түзүү. Пособия жана пенсия алууга байланышкан маселелерди жеңилдетүү, жөлөк пул,  жакырчылыкты жоюу, ден-соолугунун мүнкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого арналган атайын иш-чараларды иштеп чыгуу.