«Өнүккөн шаар, бакубат жашоо үчүн!»

“Замандаш” паритиясынын Сүлүктү шаардык кеңешине депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин стратегиялык программасы.

«Өнүккөн шаар, бакубат жашоо үчүн!»- деген ураан менен улуттук ынтымакты жана биримдикти бекемдөө аркылуу байгерчиликке, өнүгүүгө жетишебиз. 

Эгемен жана бакубат Кыргызстанды куруу, улуу максатын көздөйт. Сүлүктү шаарындагы өлкөүчүн, шаар үчүн,эли үчүн чын дилинен күйгөн патриот-уул  кыздардын тобу жогорудагы максатты колдоп, шаарыбыздын турмушуна жигердүү катышып, элибиздин жашоо турмушун жакшыртуу максатында алдыда боло турган шайлоого активдүү катышууну чечти. Шаарыбызда эң биринчи орунда өнөр жай тармагында көмүр,кварц кумун өндүрүү болгондуктанөндүрүш жылдан  жылга көбөйтүү болуп эсептелет.

- өнөр жайын, айыл чарбасын, рынокту тейлөө, чекене соода, кызмат көрсөтүү, капиталдык салымдардын өсүү темпин камсыз кылуу, салык топтоонун жеткирилген планын аткаруу;

Макроэкономикалык  көрсөткүчтөрдүн өсүү темпин камсыз кылуу; Финансалыкөз  алдынчалуулугун  жогорулатуу;  Өндүрүштүн өсүү темпин камсыздоо;

Долбоор аркылуу демөөрчүлөр эсебинен шаардын стадионунун аймагында жаңы мини футбол аянтчасын, заманбап кунооскана куруу, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын ички жолдорун капиталдык ремонттон өткөрүү;социалдык объекттерди жыл сайындем берүүчү гранттардын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү;Шаардын ичиндеги көчөлөрдү толук  жарыктандыруу. Шаардык башкы планын түзүү.Сүлүктү шаарынын таза суу системасын реабилитациялоо боюнча Дүйнөлүк Банк каржылаган АРИСтин «Шаарларды өнүктүрүү долбоорунун» алкагында ар бир үйгө суу эсептелгичи менен  таза суу тутугун киргизүү.Шаарыбызда канализация системасын ОМСтин балансына киргизүү менен  саркынды сууларды ушул системага кошуу менен шаардагы экологиялык ахвалды жакшыртуу. Жер көчкүлөрү, зилзала,  суу ташкындары жана башка өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча алдын алуу иштерин уюштуруу.  

Мамлекеттик органдарда коррупциялык көрүнүштөрдү схемаларды жоюу боюнча кеңешмелерди, тегерек столдорду өткөрүү; Дени сак улут, генефонду сактоо , үй-булөнү пландаштыруу келечекте балдарыбыздын  өрчүсүндөгүү кемчиликтерди жоюу. Кош бойлуу аялдарыбыздын күнөмүнүн өспөй калуусун  алдын алуу.Мектепке чейинки билим беруу мекемелеринин тутумун көбөйтүү, шаарга жаңы бала бакчаларын ачуу;  Билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө жетишуу, ЖРТнун жыйынтыктары боюнча бүтүрүүчүлөрдү 150 упайдан жогоруу  упай алгандардын көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишүү.   Гимназия мектебин  куруу  боюнча жумуш алып баруу.  Балдар жана спорт аянтчаларын  көбөйтүү.  Элдердин  ортосундагы достукту чындоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, этникалык элдердин ортосундагы чыр-чатактарды алдын-алуу.  Муниципалдык кызматкерлердин кесиптик квалификациясын көтөрүүгө карата, аларды окутуу системасын жакшыртуу. Кадрларды ишмердүүлүгүн баалоо системасын жайылтуу.                                                  

Мамлекетти көнөктөштүк программасын өркүндөтүү, кепилдик фонддорду, шаардын денгээлинде өнүгүү фонддун ишин  күчөтүү, кредит жана микро кредиттик компаниялар менен кызматташтыкты онүктүрүү менен бизнес чөйрөсүнө колдоо көрсөтүү;                                   

Кайра иштетүү ишканаларын ачуу, бизнес долбоорлорду жазуу, жылына кеминде 6-жогоруу жаңы ишкана ачуу боюнча иш жүргүзүү; Өнөр жай ишканалардын ишин колдоо:  жаны –өнөр жай ишканаларын ачуу, иштеп жаткан өнөр- жай ишканалардын ишин активдештирүү, токтоп калган ишканаларды ишке киргизуу жана башка реалду аракеттерди жүргүзүү;Социалдык-коргоо боюнча: Аймактар менен биргеликте элди таза суу менен камсыздоо, ички арыктарды жана каналдарды тазалоо,өзүн өзү башкаруу принциптин негизинде курултайды өткөрүү, кабыл алынган шаардын Уставынын негизинде ашыкча каада салттарды жөнгө салуу, суицидке каршы жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомчулукта тынчтыкты сактоо менен аларды социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча ишалып баруу; Ошндой эле: Кыргыз Республиасынын Өкмөтү тарабынан каралып жаткан социалдык коргоо боюнча иш аракеттерге Кыргыз  Республикасынын аракеттеги Мыйзамдар аркылуу чегерилген укуктардын негизинде иш аракеттерди жүргүзүү жана колдоо көрсөтүү,атап айтканда;- жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчөтүү:аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кошумча колдоо көрсөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү,-социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү иштегендерди социалдык камсыздоо, социалдык тейлөө,  социалдык төлөмдөр;

Сүлүктү шаарынын бюджеттик каражаттарын бөлүштүрүү учурунда социлдык- адилеттуулук принцибин сактоого жана оптималдуу пайдалануу үчүн көмөк көрсөтүү. Шаарга инвестиция же байөкмөт уюмдар, түрткү берүүчү грант тартуу менен жеке жана көп кабаттуу имараттардын көрүнүшүн, көчөлөрдүн жана жолдордун сапатын жакшыртуу.Социалдык чөйрөдө пенсия курагын дагы улгайган адамдарга социалдык жактан колдоо системасын жакшыртуу. Шаарда көп жылдык эмгеги артында эс алууга чыккан эмгек ардагерлери үчүн, майыптар үчүн атайын эс алуучу жана дарылануучу жайларды уюштурууга жетишүү.Жаштар үчүн спорт зал, кошумча билим алуу борбору, интернет-кафе, тиешелүү оюн-зоокөтүлүүчү маданий жайлардыу юштуруу. Бөтөн жерде эмгектенип жаткан мигрант жердештерибизди иш менен камсыз кылып, шаарыбызга (үй-бүлөсүнө)  кайтаруу. Жаш үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү, үй салууүчүн жер маселесин чечүү жана жумушка орноштуруу.Маданиятты кайрадан жандандыруу, маданият үйүнүн комплексин куруу; Элдик каада-салттарды сактоого кам көрүү, аш-тойдогу ысырап керчилик азайтуу;элдик курултайда кабыл алынган уставды аткаруу.

Биз Мекенибизди, шаарыбызды өнүктүрүп, жалпы бакубатчылыкк ажетүүдө Кыргызстандын мекенчил, жоопкер жана акниет ар бир жашоочусуна таянабыз. Кыргыздарда байыртадан эле адам өз жашоосунда туу туткан «Элиме. Жериме»деген улуумаксаты болгон. Аруу сезими жана асыл ниет бар эн мыкты мекенчил адам гана айта алат;

 

БИЗ УШУЛ ШААРДА, ӨЛКӨДӨ, КЫРГЫЗСТАНДА ГАНА БАКТЫЛУУ БОЛОБУЗ.