Шаардык кеңештердин тизмеси > Сүлүктү шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

Саясий партиянын программасы:

1. Ачык айкын иш алып баруу;

  • Эл өкүлдөрү элдин көйгөйлөрүн аныктоо максатында, эл менен квартал сайын жолугушууларды уюштуруу, Жергиликтүү Кенештин депутаттарынын аткарылган иштери боюнча элге отчет берип туруу менен ачык айкын иш алып баруу;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын аткарган иштерин массалык- маалымат каражаттары жана соц. тармактары аркылуу элге түз жеткирүү.
  • Бүгүнкү күндө шаарыбыздын каражаты, бюджети кайсы тарапка жумшалганы тууралуу жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу.
  • Кадр саясатын толук көзөмөлдөн өткөрүү, жаш кадырларга кошумча айлык акыны жергиликтүү бюджеттен бөлүшүрүүнү шаардык Кеңештин кароосуна сунуштоо.

 

2.     Билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана маданият тармагы

  • Мектептердин жана бала бакчалардын ремонт иштерин, капиталдык ремонт талап кылынган мектептерди инвестиция тартуу аркылуу кезеги менен оңдоп-түзөө ишерин жүргүзүү.
  • Окуучулар үчүн сабактан кийин түрдүү кесипке багыттоочу ийримдердин ишин жандандыруу үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоо, тийешелүү адистер менен камсыздоо жана көңүл бөлүү.
  • Шаарыбызда демографиялык өсүү жогору болгондуктан , шаарыбызга мектептин, бала бакчанын курулушу өтө зарыл.
  • Калктын ден-соолугу үчүн проекттерди жазуу аркылуу заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздап, кызмат көрсөтүү деңгээлин жогорулатуу.
  • Жаны спорттук комплекстерди куруу жана спорттук иш-чаралардын өткөрүлүшүн жандандыруу.
  • Маданий иш чараларды өткөрүү жана шаарыбыздын маданий мекемелерибиздин материалдык базаларын жаныртуу.
  • Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында иш чараларды уюштуруу.

 

3.   Социалдык тармактын иштерин жандандыруу

  • Шаарыбызга көмүр (кап мене же кг) сатуучу дүкөндөрдү ачуу. Мамлекеттик кызматкерлерди, аз камсыз үй-бүлөлөрдү, пенсионерлерди, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жылына бир жолу арзан баадагы жана сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу.
  • Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн ишке жарамдуу мүчөлөрү үчүн кичи ишканаларды куруп, жумуш менен камсыз кылуу жана материалдык жактан жардам берүү зарыл.
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жылына бир жолу спонсорлорду табуу менен курортторго даарыланууга жөнөтүү.
  • Үй-бүлө институту социологиянын көңүл борборунда туруп, ар бир баланы ата-энеси менен жашоого милдеттүү болуусун коомчулук колго алуусу абзел. Тийешелүү органдардын иш пландарын жана аткарган иштерин жандандыруу.
  • Көмүр өндүрүүчү иш каналарда кенчилер үчүн түзүлгөн шарттарды жакшыруу (мончо, ашкана, медпункт, атайын кийимдер ж.б.у.с) жана алардын ден соолугуна, коопсуздугуна кам көрүү шарттарын түзүү зарыл.

 

4. Шаардын инфрастуктурасын , көрктөндүрүүнү, шаардын тазалыгын жакшыртуу.

  • Шаарда ирригация иштерин жүргүзүү жана жыл сайын 3 км жолду асфальт төшөө

,калктуу пункттарга тротуарларды куруу, кээ бир көчөлөргө кум, шагыл төгүү менен ылай жолдордон арылтуу.

  • Эң негизги маселе калкка таза сууну жетиштүү деңгээлде жеткирүү. Кароосуз калган көп кабаттуу үйлөрдү үйсүз жаш үй-бүлөлөргө берүү. Канализация куурларын реконструкциялоо менен шаарды саркынды  суулардан арылтуу.
  • Шаарыбыздан чыккан таштандыларды төгүүчү жайлардын абалын кароо, экологияны таза сактоо, баардык көчөлөрүн жашылдандыруу.

 

5.     Коомдук транспортту жана коомдук жайларды иретке келтирүү,

5.1 Калкка кызмат көрсөтүүчү транспорттордун (жүргүнчү, азык-түлүк ташуучу транспорттор) аш каналардын, дүкөндөрдүн, эт сатуучу кеңселердин (мал союучу жайлардын) санитардык абалын көзөмөлдөө.

 

6.      Салыктардын жергиликтүү бюджетке түшүүсүн көбөйтүү жолдорун табуу.

 “Баарыбыз үчүн биздин мамлекеттин жана элибиздин тагдыры, жаштарыбыздын келечеги баарынан кымбат болууга тийиш. Эң маанилүүсү-өлкөбүздөгү жана шаарыбыздагы тынчтык, элдин биримдиги жана коомубуздагы коопсуздук”.

“Ыйман Нуру” Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын девизи:

“Ыймандуу бийлик – татыктуу жашоо!”