“Ынтымак” саясий партиясынын программасы тууралуу маалымат

 

  1. Саясий багыт:

Саясий чагымчылдыкты токтотуу жана коомду бириктирүү аркылуу гана биз күчтүү жана ийгиликтүү шаар кура алабыз, калктын ынтымагы ийгиликтин кепилдиги. Ачыктык, чынчылдык, реалдуулук жана натыйжалуулук менен калк арасында ынтымак орнойт.

Шаарыбызда абдан көйгөйлүү маселелер көп, эң эле орчундуулары: таза суу, калктын саламаттыгы, жумушсуздук, жарыктандыруу.

Бул маселелерди чечүүгө аракеттер көрүлүп келген, бирок иреетүү түрдө жергиликтүү жамаат менен биргеликте негизги приоритеттүү көйгөйлөрдүн чечилишин ачык жана темирдей тартиби менен чечүү жолдору аныкталбай келген.

Ошол себептен улам Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып шаарыбыздын баардык көйгөйлөрүн жергиликтүү жамаат менен биргиликте аныктап,  тактап анын чечүү жолдорун камтыган социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын иштеп чыгып кеңештин токтому менен бекитип, кийинки аткарылышын көзөмөлдөйбүз.

Биздин негизги багытыбыз катары шаарыбызды башкарууга шаар тургундарын түздөн түз катышуусун камсыздап берчу механизмди киргизип беребиз.

Депуттардын ар бири берген убадаларды карап чыгып алардын аткарылышы боюнча жеке пландарын бекитип, коомчулук тарабынан көзөмөлгө алынуучу коомдук баалоо системасын киргизебиз.

Аткаруу бийлиги болгон мэриянын планын бекитип, коомчулукка жарыялап, ал пландын аткарылышын элдин ачык баалоо системасынын негизги көрсөткүч катары киргизебиз. Шаардын ар бир тургуну түздөн түз мэриянын ишмердүүлүгүн баалоо системасын киргизүү бүгүнкү күндүн талабы.

Кагаз бетиндегини иш жүзүнө өткөрчү механизмди биз ишке киргизебиз!

 

  1. Экономикалык багыт:

Негизинен жергиликтүү бюджетте чектелүү, жетишсиз каражаттар бар, бирок ошол каражаттарды дагы туура пайдалануу менен эффективдүүлүккө алып келүү негизги максат катары баалаш керек, анткени муниципалдык сатып алуулар, долбоор аркылуу келген атайын каржылоолордун таза айкындыгы айрым учурларда күмөн санатат. 

Шаардык капиталдын сыртка кеткен агымын токтотуу жана бизнести ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө акча салууга кызыктыруу төмөндөгү иш аракеттерибиз менен камсыздайбыз.

  1. Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты кылдаттык менен талдоодон өткөрүү жана коомдук талкуудан өктөрүү күндүн талабы, бул талапты биз толугу менен аткарабыз.
  2. Шаарыбыздын ресурстук (жер, муниципалдык мүлк, муниципалдык капиталдык салымдар, болгон инвестициялык долбоорлор) базасын аныктоо максатында толугу менен аларды инвентаризациядан өткөрүп, ал маалыматты элге ачыктап беребиз да, аларды эффективдүү колдонуу боюнча сунуштарды жамааттын кароосуна коебуз;
  3. Жогоруда аталган программага экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу максатында, ресурстарды пайдалануу менен биргеликте бизнес долбоорлорду иштеп чыгып, жаңы ишканаларды түзүүгө толук шарт түзүп беребиз.
  4. Инвестицияларды шаарга тартабыз деген күчтөр абдан көп, бирок инвестициялык картанын жоктугу, инвесторлор үчүн ачык айкын иштөө шарттарынын бүдөмүк болуусу инвестициянын келишине толук бөгөт коет. Ошондуктан шаарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн, ресурстарын ачыктап берсек, коомчулукка жана инвесторлорго иштөө тартиби боюнча жана жергиликтүү бийликтин берген кепилдиктери боюнча маалымат баардыгына тең ачыктап, жең ичинен чечилип жаткан маселелерге бөгөт койуу менен инвесторлордун келишин камсыздап беребиз;

 

  1. Социалдык багыт
  2. Ар бир үйдө шаар тургундарыбыз ооруп калууда, ооруну алдын алуу иштери жокко эсе болууда, ошол себептен улам 2-тепкичтүү “Дени сак шаар” долбоорун ишке ашырабыз. 

Ал кандай долбоор, шаарыбызда катталган ар бир тургунду базалык медициналык кароодон өткөрүү, жыйынтыгы менен бирдиктүү ар бир жарандын саламаттыгы боюнча база түзүү жана ошолорго карата тийиштүү дарылоону аныктап беребиз. 

Экинчи этап менен ден соолуктуу бекемдөөгө багытталган сунуштамаларды саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштеп чыгып аларды жайылтабыз;

  1. Дене тарбия, спорт багытындагы шаардын бюджетинде каралган каражаттарды көбөйтүп, өнүкпөгөн спорт түрлөрү боюнча жаңы кружокторду уюштуруу маселесин көтөрүп ишке ашыруу, спорт жаатында иш алып барган бизнес долбоорлорго колдоо көрсөтөбүз;
  2. Шаарыбызда жөлөк пулдарга муктаж болгон бирок кандайдыр бир себептерден улам иш кагаздарын бүтүрө албай жүргөн жарандарыбызга мамлекет тараптан кепилденген акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү чечип берүүчү атайын кызмат уюштурабыз, анткени көптөгөн тургундарыбызга юридикалык жардам алууга шарттары жок, өзүлөрү чуркап бүтүрөлү десе ар түрдүү тоскоолдуктар бар, ошол себептен улам социалдык көйгөйлөргө байланыштуу акысыз юридикалык жардам берүү жагын биздин команда өз колуна алат.
  3. Шаардын таза суу жаатында, жолдор тармагында, билим берүү маселелери, тазалык менен камсыздоо, муниципалдык кызмат көрсөтүү жагынан тийиштүү стандарттарга жооп берүүсүн көзөмөлгө алабабыз.

 

  1. Экологиялык багыт

 

Жылдан жылга экология маселелери дүйнө жүзүндө козголуп күн санап курчуп келүүдө, биз бүгүндөн калбай бул жаатта туруктуу стратегия кабыл алып иш алып баруубуз керек, биздин командабыздын стратегиясы төмөндөгү багыттарды камтыйт:

  1. Жашыл экономика механизмдерин ар бир экономикалык долбоорлордо камтуубуз зарыл;
  2. Шаарыбызды жашылдандыруу;
  3. Экологиялык коопсуздук боюнча техникалык талаптарды сакталышын камсыздоо жана муниципалдык талаптарды шаардык кеңеш аркылуу иштеп чыгуу, бекитүү жана элге ачыктоо;

4. Табиятка зыян келтирүүчү таштандыларды сорттоо, пластик жана башка уулу заттарды чыгарган таштандыларды өзүнчө топтоочу жай бөлүп берип, аларды кайра иштетүүгө өткөрүүнү уюштуруу;

 

Ураан: Калктын ЫНТЫМАГЫ ийгиликтин кепилдиги!