Шаардык кеңештердин тизмеси > Сүлүктү шаардык кеңеши > "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" саясий партиясы

Саясий партиянын программасы:

  1. Муниципалдык турак жай фондун инвентаризациялоо;
  2. Кызыл – Бел – Кольцо аралыгындагы жер тилкелерин турак жай куруу үчүн элге берүү максатында иликтөө жана көтөрүп чыгуу;
  3. Бөкөнбаев айылына кошумча аялдамаларды куруу маселесин көтөрүү;
  4. Кош – Булак айыл аймагына тез жардам станциясын уюштуруу;
  5. Ижарада турган муниципалдык ишканаларды колдонулбай жаткан имараттарга көчүрүү;
  6. Шаардык таштандылар үчүн жер ажыратууга жетишүү;
  7. Балдар аянтчаларын уюштуруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу;
  8. Муниципалдык менчиктеги имараттардан балдар бакчаларын ачуу максатында маселесин чечүү;
  9. Мектеп окуучуларынын дүйнө таануу, билим деңгээлин өстүрүү максатында өлкөгө таанымал илимпоздорду, чыгармачыл инсандарды, спортчуларды шаарыбызга чакырып жолугушууларды өткөрүүнү уюштуруу;
  10. Борбордук жолдун чет жакаларын көрктөндүрүүнү жана шаардык сейилдөө багын суу менен камсыздоону колго алуу;
  11. Сүлүктү шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайын ишке киргизүү маселесин көтөрүү;
  12. Ш. Джураев көчөсүнө балдар бакчасын куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесине балдар бакчасын тургузууга тиешелүү ведомстволор менен тыгыз иш алып барууну колго алуу;
  1. Унаа жолдорун көзөмөлгө алуу жана оңдоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү;
  2. Жергиликтүү бюджетти Сүлүктү шаарынын стратегиялык өнүгүү планын эске алуу менен бекитүү;
  3. Шаарыбыздын жаштарын сергек жашоого үндөө максатында Кош – Булак айыл аймагына заманбап спорттук комплекс куруу жана ишке киргизүү;
  4. Кольцо айылына суу сактагыч (цистерна) менен камсыздоо;
  5. Т. Ибрагимов, Бакыбек көчөлөрү аралыгындагы жолду жарыктандыруу.

Биздин ураан: “Таза коом – өнүккөн өлкө!”