Шаардык кеңештердин тизмеси > Исфана шаардык кеңеши > "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы

Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Исфана шаардык кенешине талапкерлердин шайлоо алдындагы программасы

Биздин МАКСАТ:

  • социалдык адилеттүүлүк жана жарандардын жыргалчылыгын камсыз кылуу.

Биздин ТАНДОО:

  • адилеттүүлүктү орнотуу;
  • кары картандарга, азыркы жана келечек муундарга татыктуу жашоону камсыз кылуу.

Биздин УРААН:

  • иштеген адам жакыр болбошу керек!

        Исфана шаар мэриясы экономикасы, айыл чарбасы, социалдык инфаструктурасы  учурдагы талапка ылайык өнүккөн, өзүнүн жылдык чыгашаларын жана учурдагы бардык керектөөлөрдү толук камсыз кыла алган, табигый, интеллектуалдык, финансылык жана адамдык ресурстары жеткиликтүү, жогорку маданияттуу шаарга айланууга толук мүмкүнчүлүк бар шаар экендиги анык.

       Мындай денгээлге жетүү үчүн Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы Исфана шаардык мэриясын өнүктүрүү стратегиялык планын иштеп чыгып, анын негизинде төмөнкүлөрү иштейт:

1.Шаар тургундарынын өнүгүүсү үчүн, аларлдын улутуна, динине, жынысына, социалдык статусуна жана жашаган жерине карабастан бирдей шарт түзүү жана улут өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымак менен биримдикти чындоо;

2.Орто жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө жетишүү менен, жергиликтүү товар иштеп чыгарууну, ацыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, кызмат көрсөтүү сферасын жогорку маданияттуулукка системалуу өнүктүрө турган программаларды иштеп чыгуу;

3.Шаар аймагында техникалык тейлөө комплекстерин куруп, стабилдүү жумушчу орундарын түзүү аркылуу, учурдагы жумушсуздукту жоюуга колдоо көрсөтүү;

4.Коомдун  социалдык аярлуу катмарын, карыяларды, майыптарды, жумушсуздарды социалдык жана укуктук жактан коргоо, алардын жашоо шарттарын үзгүлтүксүз жакшыртууга жетишүү;

5.Инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү менен:

  • шаар элин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого жетишүү;
  • бар болгон табигый ресурстарды эффективдүү пайдалануу аркылуу, элди сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу;
  • шаардын, айылдардын ички жолдорун ондоо аркылуу өнүгүүгө шарт түзүү;
  • бала бакчаларага талап кылынган шарттарды толук түзүү, муктаждыктарын чечүү;
  • шаар тургандарын муниципиалдык транспорт менен толук камсыздоо, мектеп окуучуларына транспорттук женилдиктерди түзүү;
  • шаар мэриясынын аймагын жарыктандыруу, жашылдандыруу.

6.Шаардык мэриянын  бюджетин түзүүдө, аткарууда системалуу коомдук угууларды уюштуруу;

7.Исфана шаардык кенешинде демилгечи, ынтымактуу, эркин, таза депутаттык корпусун түзүү менен шаар тургандарынын учурдагы көйгөйлөрүн өз убагында чечүүгө жетишүү ;

8.Шаар аймагында темирдей бекем тартипти, мыйзамдуулукту орнотуу;

9.Шаардагы кызмат түйүндөрүндө санитардык – гигеналык абалды жакшыртуу.

Биздин штабдын дареги: Исфана шаары Додосьян көчөсү № 123