Нур» саясий партиясынын Исфана шаардык кеңешине талапкерлеринин

 Программасы

«Нур» саясий партиясы Исфана шаары боюнча«Билимдүү келечек, өнүккөн мамлекеттин башаты-үй бүлө»саясатын шаар жергесинде жүргүзөөрүн жарыялайт.

Элине адал кызмат кылууну көксөгөн, айтаар сөзү, кылаар иши бар, жигердүү жаштардан турган команда шаардык кеңештин шайлоосунбаштап барат.

Мүмкүнчүлүктөр шаары

             Биздин негизги максат – Исфана шаарында ар бир билим берүү мекемелерине көмөктөшүү, ишкерликти жайылтуу жана бакубат жашоодогу үй бүлөнү калптандыруу.

            Негизги артыкчылыктар:

  • Билим берүү тармагын каржылоодо көмөкчү чарбаларды түзүү;
  • Айыл жергесинде ишкерликти окутуу жана жайылтуу үчүн айылды өнүктүрүү фондторун түзүү;
  • Үй бүлө институтун түзүү менен жергиликтүү уюмдарды бирдиктүү иштөөсүн камсыз кылуу;
  • Инвесторлор үчүн шарт түзүү;
  • Муниципалдык мекемелерди ачуу;

Мүмкүнчүлүк шаары – шаар жергесиндеги тургундарды ишкерлик кылууга, татыктуу билим алуусуна, үй бүлөлүк баалуулугун сактоосуна толук кандуу ишке ашыруучу шаар.

Биздин максат - шаар ичинде ишкерлик багыты алдынкы орунга чыккан, жашоо шарты жакшырган, билимдүү келечеги бар, бекем жана бакубат үй бүлөдөн турган шаарды түзүү.«Бир үйдөн - бир ишкер» долбоору аркылуу жылына 100 дөн кем эмес ишкерликке кызыккандарды окутабыз.

Инвестиция 

Айыл шартына ыңгайлашкан чакан жана орто бизнес ачууда, бардык эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуу менен айылдын экономикалык-социалдык абалын жакшыртууну колго алуу. Кыргызстан ичиндеги алдынкы бизнес тармактарды айылга чейин алып келүү жана турмушка ашыруу.Жеке ишкерликти окутуу менен аларга каржы булагын эл аралык уюмдар аркылуу тартууну колго алуу.

 Аброй 

Шаар жергесинде эң алдынкы кесиптин ээси болгон мугалимдерибиздин аброюн көтөрүүнү ишке ашыруу. Мугалимдерге стимул берүү, квалификациясын жогорулатуучу семинарларга баруусун камсыз кылуу.

Мүмкүнчүлүктөр шаары жана айылы – ар бир шаар жана айыл тургуну ишкерлик кылууга, татыктуу билим алуусуна, үй бүлөнү колдоону толук кандуу ишке ашыруучу шаар жана айыл.

  1. Бир үй-бир ишкер.

Биздин партиянын курамындагы талапкерлер Исфана шаар кенешиндеги жакырчылыкты жоюу максатында Бир үй-бир ишкер долбоорун киргизет. Ар бир жыл сайын кеминде 300 гө жакын айылдаштарыбызды ишкерликке үйрөтүү менен ишкерлик кылып кетүүсүн көрсөтө турган семинар, тренингдерди өткөрөбүз. Өнүктүрүү фондту аркылуу ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтөбүз. Ишкерликти жайылтууда Кыргызстан ичинде ишмердик кылган бардык эл аралык уюмдар менен тыгыз иш алып барабыз.

  1. Үй бүлө институту.

Жыл сайын жаш үй бүлөлөрдүн ажырашуусу көбөйүүдө. Акыркы 2017-жылдан 2019-жылга чейин ала турган болсок, ажырашуулар 32% чейин өскөн. Тагырагы 300 үй бүлө баш кошсо, 96 үй бүлө ажырашууда. Бул багытта шаардык кенеш тарабынан үй бүлөлөрдү колдоого алуучу эч бир механизм иштелип чыккан эмес. Үй бүлө институту бул жаш үй бүлөлөрдү ар тараптан колдоого алуучу жана алардын ажырашуусунун алдын алуучу орган катары иштейт. Институт элибиздин диний, каада-салттык көз караштарын камтуу менен үй бүлө баалуулугун сактоого багытталат.

  1. Мугалим мөмөлүү дарак.

Акыркы жылдары коомубузда мугалимдерге болгон мамиле абдан төмөн деңгээлге түшүп кетти. Жергиликтүү бийлик тарабынан болгон мектепти оңдоп түзөө ишине гана каражат бербесе, башка учурда мугалимге өз деңгээлинде мамиле жасалбай келет. Бул жаатта ар бир мектепте көмөкчү чарбаларын уюштуруу менен аларды каржылык жактан колдоого алуу абзел. Каржылык колдоо мугалимге стимул берүү, алардын квалификациясын жогорулатуу, жаңы методикаларды алып берүү багыттарына коротулат. Мектептин имаратына гана көңүл бурбастан, анын ичинде эмгек кылып жаткандарга да көңүл бөлүү керек. Көмөкчү чарбаларды ар бир мектептин ишкердик кылуусуна кандай мүмкүнчүлүктөрү бар, аны анализдеп туруп гана ишке ашырабыз. Жыл сайын кеминде 2 мектепке ишкерлик кылуусуна каржылык колдоо көрсөтөбүз.