Беш-Д программасы
1- кыймыл
2- жетишкендиктер
3- ишеним
4- жеткиликтүүлүк
5- биримдик
Кыймыл - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органынын Стратегиялык
Өнүктүрүү Программасы аркылуу Кант шаарынын жашоочуларынын көйгөйлөрү менен бирге,
кабыл алынган долбоорлорду маалымдоо жана жигердүү талкуулоо, кварталдар арасында
угуулар, социалдык тармактар аркылуу талкуу жүргүзүү.
Жетишкендиктер - шаардын тургундарына шаардын жашоочуларынын жана шаардын
жашоо турмушунун бардык чөйрөлөрүндө кабыл алынган жана аяктаган долбоорлор жөнүндө
активдүү маалымат берүү. Шаардык кеңештин башкаруудагы жетишкендиктери.
Ишеним - бул ашыкча административдик тоскоолдуктарды четтетүү аркылуу
кызматтарды тез арада алуу боюнча мыйзамдуу укуктарын ишке ашыруу үчүн жарандардан
документтерди, арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү борборду түзүү.
Жеткиликтүүлүк - шаар тургундарына аткарылып жаткан иштер туралуу жана өнүгүү
планы жөнүндө визуалдык түрдө тааныштыруу үчүн шаардык кеңештин ишин чагылдырган,
деталдары менен көрсөтүлгөн бирдиктүү маалымат сайтын түзүү.
Биримдик - бул өспүрүмдөрдү жана жаштарды тарбиялоо иш-чаралары аркылуу этностор
аралык биримдиктин вектордук өнүгүүсүн, алардын аң-сезиминде өз ара урматтоону, биримдикти
жана улуттар аралык ынтымакты калыптандыруу.
Шаардык чөйрөнү түзүү:
- жогорку зонанын дренаждык тармактарын тазалоо жана Чупра аркылуу сууну
дренаждоо планын иштеп чыгуу;
- шаардын көчөлөрүн графикке ылайык жарыктандырууларын улантуу;
- Гагарин, Панфилов, Пушкин, Микоян ж.б. борбордук көчөлөрүн иретке келтирүү.
- үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аракеттерди күчөтүү;
- пенсионерлердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин колдоо;
- жашоочулардын турак жаларынын айланасындагы аймакты таза каралбагандыгы үчүн
санкциялар тутумун киргизүү;
- көчөлөрдүн асфальт бетин калыбына келтирүүнү улантуу;
- Жакыпов көчөсү боюнча кичи автобустардын каттамы боюнча аялдамаларды коюу;
- 1 мектепке маршруттук каттамды уюштуруу;
- мектептердинин аймагында флуоресценттик жабуу менен жөө адамдар өтүүчү
өтмөктөрдү куруу;
- борбордук көчөлөрдүн жээгиндеги мектептерге тротуарларды салуу;
- Кант шаарынын көчөлөрүн иретке келтирип, жашылдандыруу;
- муниципалитеттик Мусулмандар көрүстөнү үчүн жер тилкесин алуу мүмкүнчүлүгүн
табуу;
- моралдык-патриоттук тарбия берүүдө мектепке чейинки, мектеп уюмдарынын
жоопкерчилигин жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчикке чыгарып, бирок көптөгөн
жылдар бою пайдаланылбай турган шаар жерлерин кайра кайтаруу маселесин көтөрүү;
- шаардыктар менен бирге - Кант шаарын 2021-2025 жылдарга чейин өнүктүрүү
стратегиясын иштеп чыгуу.