Саясий партиянын кыскача аталышы:“ЧОҢ КАЗАТ”.

ИН, ЮЖБР кирүү датасы: 02.04.2012 ж.

Саясий партиянын түзүлүүшү: Ыктыярдуу коомдук бирикме.

Уставдын кабыл алынган датасы: 01.03.2012 ж.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: Борбордук.

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кенешме.

 

“ЧОҢ КАЗАТ”  САЯСИЙ  ПАРТИЯСЫ

 

Байланыш маалыматтары: 

Дареги:Кыргыз Республикасы,Чолпон-Ата шаары, Совет  көчөсү 93.

Байланыш телефону:0709257777,0779257777.

Коомдук кабылдама: Чолпон-Ата шаары, Совет көч.93. 

Интернеттеги байланыш тармактары:  Жок.

Расмий сайт:chongkazat.org  

Чолпон-Ата ш. “ЧОҢ КАЗАТ ” партиясынын окулу: 

Саясий партиянын программасы (баяндоо):

  “Чоңказат” саясий  партиясынын  кыргыз                                                                                                                                            коомунун кайра жаралуу  программасы

 “Чоң казат” саясий партиясынын:

  • идеологиясы – улуттук кызыкчылыкты  коргоо;
  • саясаты – эл бийлигин орнотуу;
  • укуктукталабы – адилеттүүлүктү камсыздоо.

  • Биздин
    максатыбыз коомду жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн төмөнкү программалык документтерди жана мыйзамдардын долбоорлорун сунуштайбыз.
  1. Улуттун өнүгүү стратегиясын.
  2. Улуттук идеологиянын жоболорун.
  3. Улуттук баалуулуктарды сактоонун  жолдорун.
  4. Коомдун жана мамлекеттин  өнүгүү  концепциясын.
  5. Кыргыз Республикасынын   Конституцияcынын долбоорун. 
  6. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдүн долбоорун.
  7. Коррупциялык жол менен уурдалып-тонолгон ишканаларды, мекемелерди жана өнөр-жай  объектилерин, жер тилкелерин жарандык конфискациялоо боюнча мыйзамдын долбоорун.
  8. Мамлекеттик саясий кызматкерлерге карата люстрациялоо (тазалоо) боюнча мыйзамдын долбоорун сунуштайбыз.

 Биздин ураан: Байлык, бийлик - элге, адилетүүлүк - коомго, жоопкерчилик – мамлекетке!

 

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат: Партиянын Төрагасы Саясий кеңештин ишин багыттайт, анын ишине ыкчам талдоо жүргүзөт, Партиянын Саясий кеңешин кийинки курултайга отчет берүүгѳ даярдоону уюштурат.

Саясий партиянын жаштар уюму:

- жаш инновациялык чиновниктердин жаңы классын түзүү, саясий билим берүү жана Кыргыз Республикасынын жаш жарандарын тарбиялоо;

-  Кыргызстандын жаштары жөнүндө оң пикирди түзүү;

-КыргызРеспубликасында адилеттүү, демократиялык жарандык коомду  куруу процессине жаштарды тартуу;

- Жеңилдиктерди алууда бирдейжанаэркинатаандаштык;

- Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө жигердүү кесиптик, жеке, социалдык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;

-жигердүү кесиптик, жеке, алпы коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын назарына жеткирүү;

- Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүү

Саясий партиянын шайлоого катышуусу:

Буга чейин «Чоң казат» партиясы шайлоого катышкан эмес, ошондой эле шайланган органдарга өкүлдөрүн дайындаган эмес.