«Чоң казат» саясий партиясынын программасы

 «Чоң казат» саясий партиясы өз саясатын, элибиздин тарыхый баалуулуктарын эске алып, жаңы идеяларды ишке ашыра алган, кесипкөй инсандар менен куралат. Партиянын өзөгүн өз элинин гүлдөп өсүшүнө чын дилден жардам берүүгө даяр жаш мекенчилдер тузөт. Партия өз программасында көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруу үчун өзүнун жактоочуларын бийликтин бардык бутактарына (Жогорку Кеңешке, өкмөткө, жергиликтүү кеңештерге) жылдырууга умтулат.  Мекенчил маанайдагы инсандардан түзүлгөн «Чоң Казат» саясий партиясы бардык адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн тең салмактуулугун камсыз кылуунун бардык чарасын көрөт.

Чолпон-Ата шаары боюнча көтөрүлө турган маселелер

  1. Жол жана транспорт маселеси:

- жол боюнча, биринчи кезекте коомдук транспорт жүрө турган көчөлөрдү оңдоп түзөтүү жумуштарды каржылоо.

- жол курууда пилоттук проект катары бетон жол салуу үчүн сметалык, долборлоо жумуштарын пландаштыруу. Аткаруучуну аныктоо.

Көчөлөрдүн бирөөнү тандап долбоорго киргизүү.

Шаар ичинде жүргөн маршруттук таксилердин графигин тактап, кайра түзүп чыгуу. Техникалык абалын жакшыртуу.

  1. Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча. Чоң көчөлөрдөн тышкары, ички көчөлөрдү,   жарык берүүчү лампаларды орнотуу
  • Жолдор боюнча экологиялык кырдаалды жакшыртуу жаңы асфальт төшөлгөн жолдордун абалын жакшы кармап туруш үчүн шаарды аралап өткөнгө жүк ташуучу унаалардын салмагын тыгыз көзөмөлгө алууну уюштуруу.

 Чукул арада шаардык таштанды чогултуучу жайды ирээтке келтирүү.

  • Чолпон-Ата шаарынын географиялык жайгашкан ордун эске алуу менен, альтернативалуу электр энергиясын берүүчү жабдыктарды (станцияларды) орнотуучу ишканалар менен иштөө. Мисалы: күндүн энергиясы, шамаалдын энергиясы.  
  • Ысык-Көлду өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп жаткан акча каражатын максаттуу бир багытта пайдалануу. Мисалы, 2021-2022-жылдарды Чолпон-Ата шаарынын ички жолдорун оңдоп-түздөтүү жумуштун аткаруу жылы деп жарыялоо, 2022-2023ж социялдык обьектилерди оңдоо.

Андан кийин бир жылды шаардын тургундарын таза суу менен, сугатка пайдалануучу суу менен камсыз кылуу жылы деп ж.б.у.у.с.

Чолпон-Ата шаарынын жаштарына  жумуш ордун түзүү  пландаштырылууда.

Чолпон-Ата шаарынын тургундарына так жана толук маалыматты жеткирип туруу үчүн  Чолпон-Ата шаарынын  сайтын ачуу.

Социалдык  жардамга  муктаж, аз камсыз үй бүлөөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү жардам көрсөтүү.

  • Тендер өткөрүү жолу менен акча каражатын бөлүштүрүүну жоюу. Туз келишим менен жумуштарды аткаруу жана сапаты, мөөнөтү боюнча толук жоопкерчиликти аткаруучу тарапка жүктөө (тапшыруу).

Сиздерди терең урматтап “Чоң казат” саясий партиясы