Шаардык кеңештердин тизмеси > Чолпон-Ата шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

Саясий партиянын кыскартылган аталышы: «Социал-демократтар» партиясы

ИНН 02006201910221

Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген күнү:

2019-жылдын 20-июну

Устав кабыл алынган күнү: 21.11.2019 г.

Туруктуу иштөөчү коллегиалдуу жетектөөчү органы - Президиум

 

«СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

Дареги: Бишкек ш., Жал-23 мкр., 5-6

Телефондор+996 (774) 487200, +996 (555) 671501

Расмий сайтыhttps://sdk.kg/

Саясий партиянын төрагасы: Султанбеков Темирлан Медетбекович

 

Партиянын курамы жана жетекчи органдары тууралуу маалыматтар

Партиянын борбордук органдары: партиянын Съезди, Президиум.

Партиянын Съезди– партиянын жана анын курамдык бөлүмдөрүнүн, анын органдары менен кызмат адамдарынын бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу жогорку жетектөөчү органы болуп эсептелет.

Президиум – партиянын Уставында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарына ылайык партиянын Съезддеринин аралыгында туруктуу иштеген жогорку жетектөөчү органы болуп эсептелет.

Партиянын Төрагасы, партиянын Төрагасынын орун басарлары, Президиумдун мүчөлөрү, партиянын ревизору партиянын кызмат адамдары болуп эсептелишет.

Партиянын Төрагасыпартиянын Уставында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарына ылайык партияны жетектейт.Партиянын Төрагасынын орун басарларыТөраганын тапшырмаларын аткарышат, Төрага аныктаган багыт боюнча иш жургузүшөт.

Партиянын ревизору партиянын Президиумуна отчет берген, партиянын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө контроль жүргүзгөн кызмат адамы болуп эсептелет.

Партиянын аймактык бөлүмдөрүндө партиянын аймактык бөлүмүмүнүн Конференциясы, партиянын аймактык бөлүмүнүнКомитети, аймактык бөлүмүнүнКомитетинин Төрагасы жана анын орун басары иш жүргүзүшөт.Партиянын аймактык бөлүмдөрүндө партиянын баштапкы бөлүмүнүн жалпы чогулушу жана баштапкы бөлүмүнүнТөрагасы иш жүргүзүшөт.

 

Партиянын жаштар уюму

Партиянын жаштар канаты бар. Азыркы учурда жаштар активдүү түрдө партиянын жаштар канатынын катарына кошулуп жатышат. 

Партиянын шайлоолорго катышуусу

«Социал-демократтар» партиясы 2020-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого катышкан.

Партия 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өлкөбүздүн 13 шаарында шаардык кеңештерге талапкерлерин көргөздү. 

Партиянын максаттары жана милдеттери

Партиянын максаттары - экономикасы күчтүү, социалдык багыттагы укуктук мамлекетти, эркиндик жана адилеттүүлүк принциптерине негизделген коомду куруу.

Партиянын милдеттери:

1) коомдун жана мамлекеттин саясий жашоосуна активдүү катышуу, шайлоолорго жана референдумдарга катышуу;

2) Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу, аларды мамлекеттикоргандар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары аркылуу ишке ашыруу;

3) жарандардын ой-пикирин билдирүү, ой-пикирлерди коомдун кеңири катмарына, мамлекеттикоргандарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жеткирүү;

          4) адамдын жана жарандын укутары менен эркиндиктерин камсыздоого көмөктөшүү.