Шаардык кеңештердин тизмеси > Чолпон-Ата шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

«Социал-Демократы» политикалык партиянын программасы

 

         Биз- ар бири өз тармагында таанымал, профессионал адис, ак ниет жана Чолпон-ата шаарын суйгон пикирлештерден куралган «Социал-Демократтар» партиясынын командасы өз программабызды сиздерден тандоонуздарга сунуштайбыз:

  Биз шаардык бийликтен ачык-айкын ишмердуулугун төмөнкү иштерди аткаруу аркылуу камсыз кылабыз:

- Шаардык бюджетти кабыл алуу, пайдалануу коомчулуктун катышуусу менен ишине ашырылат.

Шаардык бюджеттин максаттуу пайдалынышын көзөмөлдөөнү тиричиликтери милдеттүү норма катары калыптандырабыз.

- Мыйзам актылары Чолпон-ата шаарынын тургундарынын керектөөлөрүн жана пикирин эске алуу менен кабыл алынат.

- Аткаруу бийлигиндеги кадрлар элдин баалоосунан өтүп, ал аркылуу ачык-айкын, таза иштешине жетишебиз.

- Жерди жана муниципалдык менчикити тура пайдалануу аркылуу шаардык бюджетке киреше алып келебиз.

  Чолпон-ата шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын башкы максаттары:

- Таза суу

- Жашылдандыруу, көрктөндүрүү

- Коопсуз жолдор

- Сапаттуу жылуулук жана электро камсыздоо

- Таза көчөлөр

- Чолпон-атанын экономикалык потенциалы бул:

- Инвестициялык жагымдуу чөйрө түзүү жана жумуш орундары менен камсыз кылуу.

- Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү

- Бала бакча жана мектептерди биз шаардыктардын экономикалык мумкунчүлүктөрүн кенештуу обьектилери катары көрөбүз.

  Жаштар:

- Заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген интеллектуалдык жана кадрдык потенциал боло алышат жана бул багытта тиешелуу шарттар түзүлөт.

- Спортту өнүктүрүү боюнча атайын программа кабыл алышат.

  Чолпон-Атага

- Тарыхый атак-данкын жана көчмөндөр маданиятындагы Биринчи шаар наамын;

- Маданиятын, билим беруунун, интелленциянын жана мекенчилдиктин каада-салттары менен баалуу.

- Сабырдуулук жана бейкутчулдук баалуктарын, этностор менен улуттардын ортосундагы ынтымакты орнотуу аркылуу ар кимдин кызыкчылыктарын эске алууну жана сыйлоону кайтарабыз.

 Чолпон-атанын:

- Кумуш жалбырактуу теректер тигилген туз жана жашыл көчөлөрун;

- Шаардыктардын татыктуу шарттарда эс алган жайларын калыбына келтиребиз.

 Социалдык коргоого муктаж калктын катмары:

- Ардагерлер, коп балалуу уй булоолор жана жардамга муктаж жарандар татыктуу камкордука ээ болушат.

 Чолпон-ата экологиялык туризмге багытталгын борбор болушу кажет.

- Мында шаардын тургундары жана коопсуз сезишип, таза абаа менен таза суудан ырахат алышып, коп улуттуу ашкананын даамын татып, тейлөөнүн мыкты кызматынан пайдалана алышат.

  Чолпон-Ата Ысык-Көл аймагынын татыктуу жүзү болушу керек.