Саясий партиянын кыскача аталышы: Ата-Журт

ИН, ЮЖБР кирүү датасы: 21.06.2006-ж.

Саясий партиянын түзүлүүшү: 21.06.2006-ж

Уставдын кабыл алынган датасы: кайра каттодон ѳттү 19.01.2021-ж

Катталган регионалдык филиалдардын саны: 24

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кенеш

«АТА-ЖУРТ» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

Байланыш маалыматтары

Дареги: Бишкек шаары Л. Толстой к. 98 А

Байланыш телефону: 0707464708

Коомдук кабылдама: 0777870909

Интернеттеги байланыш тармактары: Ата-Журт фейсбук баракчасы

Расмий сайт: Жок

Партиянын төрагасы: Акматбек Келдибеков, 1966-жылдын 15-июнунда Ош облусундагы Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Воронеж политехникалык институтун бүтүрүп, инженер-механик адистигине ээ болгон. Ал эми 1999-жылы Кыргыз Улуттук университетине караштуу Кайра даярдоо жана кадрлардын адистигин өркүндөтүү институтунун финансы жана кредит адистиги боюнча бөлүмүн бүтүргөн.

 

Саясий партиянын программасы:

Балыкчынын келечеги үчүн кадам

  • Балыкчы шаарынын ички жолдорун жакшыртуу, тротуарларды салуу жана жашылдандыруу. Жарыктандыруу жана жол чырактарды орнотуу.
  • Инвестиция тартуу жана инвесторлорго жакшы шарт түзүп берү.
  • Балыкчы шаарына Ысык-Кѳл ѳнүктүрүү фондунан келген акча каражатын туура пайдалануу.
  • Балыкчы шаарынын аймагын чоңойтуу жана жаштарга жер тилкелерин трансфор­мация кылып жер бѳлүп берүү.
  • Балыкчы шаарынын борбордук паркын жана эки эс алуу пляжын заманга ылайык жакшыртып шарттарды түзүү.
  • Карылар үйү жана балдар үйүнѳ кѳңүл буруу кѳзѳмѳлгѳ алуу колдоо кѳрсѳтүү.
  • Балыкчы шаарынын экономикасын эффективдүү өнүгүүсүнө шарттарды түзүү;
  • Жергиликтүү Кеңешин эл алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо;

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат: саясий кенеш 17 адамдан турат,

Партиянын жогорку жетектөөчү органы болуп - Партиянын Курултайы саналат. Курултайлар аралыгында дайыма аракетте турган жетектөөчү орган болуп үч жылдык мөөнөткө шайланган Партиянын Саясий Кеңеши (мындан ары Саясий Кеңеш) эсептелет. Курултай Партиянын Төрагасынын, Саясий Кеңештин чечими менен зарылчылыгына жараша эки жылда бир жолудан кем эмес чакырылат. Партиянын Төрагасы башкы жетекчиси болуп эсептелет. Төрага Курултайдын делегаттарынын көпчүлүк добушу менен шайланат, ал эми аны кызматтан четтетүү Курултайдын делегаттарынын үчтөн эки добушу менен чечилет.

Партиянын түзүлүү мезгилинде уюштуруу Курултай өткөрүлүп, Партия андан ары кезектеги Курултайларды, зарылчылдыгына жараша кезексиз Курултайларды чакырат.

Курултайды чакыруу күнү, Курултайда каралуучу маселелер, Партиянын структуралык бөлүмдөрүнүн өкүлчүлүктөрү үчүн нормалар Партиянын Саясий Кеңеши тарабынан аныкталат жана Курултайдын иши башталаардан 10 күндөн кеч эмес убакта - жарыяланат.

Саясий Кеңеш тарабынан тез аранын ичинде каралуучу маселелер үчүн Саясий Кеңештин жетиден кем эмес мүчөсүнөн турган Президиум шайланат. Бул Партиянын Саясий Кеңешинин кеңешмелеринин ортосундагы Партиянын жетектөөчү органы болуп саналат.

Партиянын дайыма аракеттеги аткаруучу-тескөөчү органы болуп   Партиянын Аппараты эсептелет.

Партиянын көзөмөлдүк-текшерүү органы болуп Текшерүү комиссиясы эсептелет.

Саясий партиянын жаштар уюму: 80 000 мүчѳ