Ата-Журт" партиясынын саясий платформасынын өзөгү

ДЕВИЗ «БААРЫНАН ЧЫНДЫК ЖАНА АДИЛЕТТҮҮЛҮК КЫМБАТ»

 

  • Адилеттүүлүк: Анткени, эзелтеден кыргыз эли бийликтин кадырын, баркын адилет-тиктен, тазалык менен калыстыктан көргөн.
  • Акыйкаттык: Акыйкат болбогон бийлик, акыйкат башкара албайт. Ошондой эле элибиздин ыйман экологиясын улуттук нака дөөлөттөр аркылуу сактап калуу, акыйкат бийликтин башкы парзы жана милдети.
  • Мекенчилдик: Уюткулуу журт мекенчил болот. Өз Улуттун сүйүү, ал-улутчулдук эмес, ал өз тарыхын урматтоо, өз элин сый-лоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо.
  • Ыймандуулук: Ыймандуу жана ынтымак-туу коом гана келечектүү мамлекет кура алат.
  • Ырайымдуулук: Адам укугу -бул улуу түшүнүк, биз өлкөбүздү адам укугун бийик сактаган өлкөгө айландырышыбыз керек.
  • Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук: Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын өзгөчөлүгү, тамыры, өзөгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубуздажатат.
  • Биз жаңылануунун улуттук өзгөчөлүгүн өткөндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатынжаратуудан көрөбүз.

Балыкчынын келечеги үчүн кадам

Балыкчы шаарынын ички жолдорун жакшыртуу, тротуарларды салуу жана жашылдандыруу. Жарыктандыруу жана жол чырактарды орнотуу.

Инвестиция тартуу жана инвесторлорго жакшы шарт тузуп берүү.

Балыкчы шаарынын экономикасын эффективдүү өнүгүүсүнө шарттарды түзүү.

Жергиликтүү Кеңешин эл алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо.

Балыкчы шаарына Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан келген акча каражатын туура пайдалануу.

Балыкчы шаарынын аймагын чоңойтуу жана жаштарга жер тилкелерин трансфор-мация кылыпжер бөлүп берүү.

Балыкчы шаарынын борбордук паркын жана эки эс алуу пляжын заманга ылайык жакшыртып шарттарды түзүү.

Карылар үйү жана балдар үйүнө көңүл буруу көзөмөл гө алуу, колдоо көрсөтүү.