Саясий партиянын программасы:

Власть народу-Бийлик элге

партиясынын программасы

Ø Жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү, бюджет- элге  деген ураандын астында иш алып баруу

Ø Шаардын ички жолдорун жылына 3-5 км асфальттоо жумушун колго алуу

Ø Шаардык базардын айланасын ирээтке келтирип, сатуучу менен алуучуга жакшы шарт түзүп берүү

Ø Жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөр менен бирдикте жаңы бала-бакчалардын салынышын камсыздайбыз

Ø Шаардын көчөлөрүнө заманбап түнкү жол чырактарын койуп, бүтүрүү

Ø  Шаардын тратуарларын брусчаткалоо жана калыбына келтирүү иштерин улантуу жылына 3 км кем эмес

Ø Шаардын баардык чөлкөмүндөгү парктарга,  скверлерге, балдар ойночуу, адамдар эс алуучу атракцион, гулбакчаларды салуу ишин улантабыз

Ø №9 жана №10 мектептин ордуна типтүү мектеп салдырып, бул мектептердин имаратын бала-бакчаларга беребиз

Ø Шаардын ирригациялык-арык системасын ондотуп, жылына 5 минден кем жаңы көчөттөрдү отургузуп, өсүшүнө көз салабыз

Ø Шаардын баардык аймагын таза суу менен камсыз кылуу менен бирдикте ыплас суу тутумуна кошуу

Ø Шаардагы көп кабатуу турак жайларды борборлоштурулган жылуулук системасына коштуруу

Ø Жаны конуштарга электр линияларын, трансформаторлорду койдуруп берүү

Ø Аймактын туризм тармагын өнүктүрөбүз

Ø Шаардын жол тыгындарын чечүү максатында С. Орозбак көчөсүн Жаңы-жол аймагына чейин узартып,  Ж. Шеримкулов көчөсүн толук ондотуп асфальттатып, Нарынды бир көчөлүү эмес үч көчөлү кылабыз

Ø Дарыгерлер, мугалимдер  үчүн жакшы шарттарды түзүп, жергиликтүү бюджеттен акча маселесин толук чечип берүүнү карайбыз

Ø   Шаардыктар үчүн жеткиликтүү, сапатуу медициналык диагностикалык борбордук иштөөсүн камсыз кылабыз

Ø Шаардык коомдук транспорту жакшыртып, муниципалдык троллейбус паркын жаңылоо багытында иштейбиз, окуучулар үчүн бекер кылабыз

Ø Каникул учурунда окуучулар үчүн жайкы  лагерлерди ачабыз

Ø Шаардык муниципалдык мончону ондотуп, заманбап, баасы арзан мончого айлантабыз

Ø Шаар тургундарынын салымы менен жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен көп кабаттуу үйлөрдүн астына типтүү гараж, очоканалардын салышын камсыздайбыз.

Ø 2021-жылы Нарын шаарынын кире беришине заманбап арка жана көрүнүктүү тоосуна флагшток салынышын камсыздайбыз

Ø Нарын шаардык спорт комплексин(ФОК) ондоодон өткөзүп, үзултүксүз иштөөсүн камсыз кылуу

Ø Шаардык билим берүү системасынын финансылык-материалдык базасын  чыңдайбыз, сапатуу билимге көнүл бурабыз

Ø Шаардын сел, таш түшчү жерлерин оңдотобуз

Ø Ички жана тышкы инвестицияга шарт түзүп берип, жумушсуздукту азайтабыз.

Ø Нарын шаарынын туруктуу өнүктурүү концепциясын иштеп чыгабыз