«Келечек 4.0»

БИЗДИН ОЙ ЧАБЫТ:

            Кыргызстан – көз карандысыз, коомчулуугу эркин, өнүккөн, жашыл-инновациялык экономикасы жана экологиялык агро-өнөр жайы бар, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу орду бар өлкө.

Биздин программанын жети багыты:

  1. Элдин жыргалчылыгын камсыздаган-мамлекет;
  2. Инновациялык-өлкө;
  3. Жашыл экономика;
  4. Түрмөсү жок-өлкө;
  5. Дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун;
  6. Эркиндик;
  7. Элдик бийлик.
  8. Элдин жыргалчылыгын камсыздаган- мамлекет

Жарандардын материалдык жана ички дүйнөсүнүн бакубаттыгы.

  1. Билим берүү жана маданий программаларга каржылык жактан жардам берүү;
  2. Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына (жумушсуздарга, пенсионерлерге, майыптарга) колдоо көрсөтүү;
  3. Үй-бүлөгө, ата-энеге, балага колдоо көрсөтүү;
  4. Эмгекти жана элдин ден-соолугун коргоо;
  5. Кирешени кайра бөлүштүрүү аркылуу социалдык теңсиздикти жөнгө салуу;
  6. Элдин биримдиги.
  7. Инновациялык өлкө

Жаңы идеялар.

  1. Прикладдык илимди жана чакан бизнестерди өнүктүрүү;
  2. КРнын бардык аймактарын 5G интернет менен камсыз кылуу. IT технологияны өнүктүрүү;
  3. Инновациялык агымды жандантуу системасын түзүү;
  4. Технологиялык өнүгүү;
  5. Жогорку технологиялык өндүрүмдү, жогорку кошулган баа менен чыгаруу;
  6. Илимий окумуштуулар жана ойлоп табуучулардын интеллекти аркылуу киреше табуу;
  7. Интеллектуалдык менчикти коргоо;
  8. IT технологиялык аянтчасын түзүү;
  9. Криптовалютаны киргизүү.
  10. Жашыл экономика

Кыргызстан - экологиялык таза продукцияны өндүрүү боюнча регионалдык борбор.

  1. Азык-түлүктөрдү жана керектелүүчү товарларды экологиялык жактан таза өндүрүү;
  2. Энергиялык эффективдүүлүк жана анын жоготуусун азайтуу;
  3. Сууну үнөмдөө;
  4. Альтернативдик энергия чыгаруучу булактарды өнүктүрүү;
  5. Электроунааларды өнүктүрүү;
  6. Калдыктарды азайтуу жана кайра иштетүү.
  7. Түрмөсү жок - өлкө

Укук бузуулар болбош үчүн алдын алуу иш-чаралар.

  1. Шектүү өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө үчүн мүмкүнчүлүк алган укуктук система;
  2. Көз карандысыз сот системасы;
  3. Коомдогу басмырлоодон жана жарандарды адилетсиздиктен коргоо;
  4. Коомдогу баалуулуктарды баалоо жана коргоо;
  5. Ийгиликтүү болуш үчүн – өзүн-өзү өнүктүрүүдө бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк;
  6. Аймактарда жаштарды иш менен камсыз кылуу. Жумушсуздук менен күрөшүү;
  7. Спортту жана пайдалуу эс алууну өнүктүрүү;
  8. Бизнес инкубаторлор институттары жана орто муундар үчүн билим берүү борборлору.
  9. Дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун

Эки тараптуу сый мамиле жана ийкемдүү кызматташтыкта түзүлгөн көп багыттуу тышкы саясат.

  1. Өлкөнүн ИДӨмүн 5 жылда эки эсе көбөйтүү;
  2. Аймактагы логистикалык борборлор;
  3. Эл аралык авиахабды түзүү;
  4. Тышкы жана ички коопсуздукту камсыздоо;
  5. Экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугу;
  6. Экспортко багытталган өндүрүш.
  7. Эркиндик

Жарандык эркиндик.

  1. ЖМК эркиндиги;
  2. Ой жүгүртүү, дин тутуу жана сөз эркиндиги;
  3. Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын эркиндигин коргоо;
  4. Экономикалык эркиндиктер;
  5. Салыктык жүктү кыскартуу;
  6. Салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүн жогорулатуу.
  7. Элдик бийлик

Эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн!

  1. Жетекчилерди адилетүү жана атаандаштык жолу менен дайындоо;
  2. Бийликтин ишинин эффективдүүлүгүн баалоо критерийлерин киргизүү;
  3. Өкмөттүн элге отчет берүүсүн камсыздоо;
  4. Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы;
  5. Жемкорлуктун себептерин жоюу;
  6. Өкмөттү оптимизациялоо;
  7. Электрондук башкаруу;
  8. Административдик аймактык реформа;
  9. Жергиликтүү коомчулуктун активдүүлүгүн жогорулатуу.

            “Келечек 4.0” –  дүйнөлүк бийиктикте болуш үчүн, мезгилден алдыга  өтүүчү  программа!

 

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сүрөтү жана сүрөттөмөсү):

  1. Съезд 2. Партиянын саясий кеңеши 3. Партиянын төрагасы

Саясий партиянын жаштар уюму:

“Замандаш” СП жаштар комитетинин төрагасы Ишенбаев Ислам Рыскелдиевич

 

Партиянын девизи:Чыныгы реформа элдин бийлиги менен ишке ашат!