Шаардык кеңештердин тизмеси > Нарын шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

Биздин максатыбыз: Өнүккөн жана таза шаар!

 

Бул программанын негизги артыкчылыктары: шаарды таза, шаардын жашоочулары жана шаардын коноктору үчүн  ыӊгайлуу кылууга багытталган. Программа көйгөйлөрдү аныктоо жана аны чечүү жолдору боюнча алты пунктка бөлдүк.

  1. Калкты социалдык жактан коргоо программасы

Программадагы негизги жана маанилүү багыты - өсүп келе жаткан жаш муунгадарга, пенсионерлерге жана жакырларга кам көрүү. Жарандардын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү шаардык социалдык тейлөө тутумун өркүндөтүүнү, социалдык кызмат чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөргө жаңы ыкмаларды иштеп чыгууну талап кылат. Бул программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камтыйт: Жеткиликтүү жана тез медициналык жардам, пенсионерлерди социалдык жактан коргоо, көп балалуу үйбүлөлөргө жана жакырларга социалдык колдоо.

  1. Нарын шаарынын калкынын саламаттыгын өнүктүрүү программасы

Программанын максаты: Нарында медициналык жардамдын сапаттуу, тез жана каржылык деңгээлине карабастан, бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болуш үчүн баардык шарттарды түзүү. Бул программа төмөнкү милдеттерди чечет: медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын камсыздоо, жаңы дарылоо технологияларын киргизүү. Жаш врачтардын көйгөйлөрүн чечүү жана аларга көмөк көрсөтүү.

  1. Балдарга жана жаштарга спортту жана билим берүүнү өнүктүрүү программасы

Тарыхка көз чаптырсак, биздин мамлекетте билим берүү ар дайым күчтүү болгон. Бирок, акыркы жыйырма жылдын ичинде билим берүү системасы көптөгөн суроолорду жаратып, башкысы билим берүү учурдун реалдуулугунан жана муктаждыктарынан артта калууда. Эмгек рыногундагы тез өзгөрүүлөрдү эске алып, "балдарды билимге үйрөтүү", "жаңы нерселерге ачык болуу", "сынчыл ой жүгүртүү",       "өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөндөмүн"-үйрөтүү зарыл. Бул программа Нарын шаарында билим алып жаткан балдардын билим деңгээлин көтөрүүнү биринчи кезектеги милдетке айлантып, өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: Мектептерди өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралар, мектептерде акыркы жана заманбап технологияларды киргизүү, бала бакчаларды куруу жана оңдоо. Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болушу керек. "Ыйман Нуру" адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын программасында шаар тургундарынын дене тарбиясын жакшыртуу биринчи кезектеги милдет болуп саналат жана бул милдетти чечүү аркылуу жүзөгө ашырылат: Спорт инфраструктурасын түзүү, өспүрүмдөрдүн арасында спортту өнүктүрүү, спорттук мекемелерди ыңгайлуу шарттарда уюштуруу, массалык спорттук иш-чараларды, сергек жашоону жайылтуу.

  1. Маданият, эс алуу жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы

Учурда Нарын шаарында эс алуу жайлары жетишсиз. Маданиятты, эс алууну жана туризмди өнүктүрүү программасы - бул биздин калаанын маданий турмушун өнүктүрүү планы, шаар тургундары үчүн эс алуу жайларын өнүктүрүү жана туристтерди тартуу программасы. Аталган программаны ишке ашыруу үчүн партия төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт: Нарын шаарын брендингге коюу, шаардын тарыхый жана маданий жагымдуулугун түзүү, шаардын чет жакаларын жана чөлкөмдөрүн өнүктүрүү, шаардын архитектуралык өнүгүүсү жана аларды жакшыртуу.

  1. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын сактоо программасы

Бул программага төмөнкүлөр кирет: ДМЧАлардын жашоо сапатын жогорулатуу, Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бирдиктүү реестрин түзүү, бул социалдык саясатты оптималдуу жүргүзүүгө, даректүү социалдык жардам көрсөтүүгө, Нарын шаарында майыптар үчүн инфраструктураны жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет, инклюзивдик билим берүүнү,кесиптик билим берүүнү жана майыптарды иш менен камсыз кылууну өнүктүрүү.

  1. Мамлекеттик-жеке кызматташтык программасы

Бул программанын лоббизминин негизги пункту шаардын экономикасын өнүктүрүүнүн жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун маанилүү куралы болгон бизнес менен мамлекеттин өнөктөштүгү болот. Шаарды өнүктүрүүдөгү маанилүү артыкчылыгы болуп чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу  Нарын шаарынын экономикасындагы системалык өзгөрүүлөр саналат. Программа кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүүгө жеке инвестицияларды тартууну стимулдаштырууга багытталган, ал мамлекеттик бюджеттик мекемелер тарабынан тийиштүү бюджеттердин эсебинен камсыз кылынышы керек.