Шаардык кеңештердин тизмеси > Нарын шаардык кеңеши > "Патриот ынтымагы" саясий партиясы

ПАТРИОТ ЫНТЫМАГЫ» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ПРОГРАММАСЫ

                       Биздин приоритеттер:

  • Кадр резервдерин түзүү жана жаны, жаш, билимдүү кадрларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алып келүү;
  • Шайлоого активдүү катышуу жана жеңишке жетишүү;
  1. БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ЖАКШЫРТУУ

Балдарыбыздын келечеги - алардын алган билиминде.

Билим берүү мекемелерине тиешелүү болгон ар бир мектептин, бала бакчанын өзүнө тиешелүү ар кандай мүнөздөгү көйгөйлөрүн чечүүгө карата иш алып баруу;

  • Шаардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу үчүн жалпы 200 мин сом акча каражаты талап кылынат, бул акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен башка пайдасыз чыгымдарды кыскартуу менен чечсе болот;
  • Шаарыбыздын мектептеринде персоналдык компьютерлер жетишпейт, бул маселени чечүү үчүн жыл сайын бир мектепти персоналдык компьютерлер менен камсыздасак болот.
  • Мугалимдердин, тарбиячылардын ден-соолугун чындоо, дарылануусу боюнча маселелерин кароо;
  • Бала бакчаларда, мектептерде 1-4-класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу; социалдык жактан аз камсыз үй-бүлөдөгү балдарга женилдиктерди берүү боюнча маселелерди чечүү;
  • Мектептерде «Энелер мектебин» уюштуруу жана өнүктүрүү;
  • Шаардын билим берүү системасынын көйгөйлөрүн, муктаждыктарын жана ошондой эле билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылына 5 миллион сомго жакын акча каражаттарын бөлдүртүп туруу;
  • Нарын шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги бөбөктөрдүн тамак- ашына жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү акча каражатынын көлөмүн жылына мүмкүнчүлүккө жараша көтөрүп берүү.
  1. САЛАМАТТЫК САКТОО ТАРМАГЫН ЖАКШЫРТУУ:

o   Нарын шаарындагы дарыгерлердин жетишсиздик маселесин чечүү үчүн Биздин партия жылына Нарын шаарынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн 3 бүтүрүүчүнү медициналык окуу жайларына тапшыруусуна жана алардын чыгымдарын (келишимдик негизинде)жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүү менен кийин Нарын шаарына 5 жылдык мөөнөткө иштеп берүү милдеттенмеси менен маселени чечүүнү сунуштайт;

o   Нарын шаарына келип иштеп жаткан жаш дарыгерлерди (3 дарыгер) колдоо максатында алардын батиринин ижара акыларын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 сомдон төлөп берүү жагын колго алабыз;

o   Нарын шаарынын тургундарынын саламаттыгына кам көрүп келген саламаттыкты сактоо мекемелеринин муктаждыктарын чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жылына бир миллион сомго чейин жардам көрсөтүү жагын колго алабыз.

  1. АДАМ УКУКТАРЫН КӨТӨРҮҮ, МАМЛЕКЕТТИК, МУНИЦИПАЛДЫК ЖАНА КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТТАРЫНЫН САПАТТАРЫН ЖОГОРУЛАТУУ:
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жарандарды тейлөөнү жакшыртуу.
  • Кайрылууларды электрондук багытта иш жүргүзүү менен жакшыртуу;
  1. БЮДЖЕТТИН АЧЫКТУУЛУГУН КАМСЫЗДОО:
  • Бюджеттин ачыктуулугун камсыз кылуу;
  • Жергиликтүү бюджетти сарамжалдуу пайдалануу жана киреше-чыгаша бөлүгүн калкка ачык- айкын жеткирүү;
  • Жергиликтүү бюджетти бекитүүдө калктын катышуусун жогорулатуу.